Быйыл Баткен облусунда 12 мектептин курулушу аяктайт

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйылкы жылы Баткен облусунда 12 мектептин курулушун бүткөрүү пландалган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыамтка караганда, сентябрь айына Баткен районунун Кайыңды айылындагы 150 орундуу Турусбеков атындагы орто мектеби, Кадамжай районунун Чандеки айылындагы 150 орундуу Жаныбеков атындагы орто мектеби, Лейлек районунун Лайли айылындагы 150 орундуу Лайли башталгыч мектептеринин курулушу аяктоо алдында турат.

Быйыл облуста 12 мектептин курулушун бүткөрүү пландалган. Мындан сырткары 8 мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү мерчемделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️