Turmush — Борбордук шайлоо комитети “Адилет” партиясы боюнча маселени карап, шайлоого катышууга макулдук берди.
Чүй облусунун Токмок шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы “Адилет” партиясынын талапкерлеринин каттоо чечимин жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.
Кечээ, 15-ноябрь күнү БШК Адилет партиясынын маселесин карап чыгып, шайлоого катышууга макулдук берди.
Turmush басылмасы 2024-жылдын 14-ноябрында Токмок аймактык шайлоо комиссиясы «Адилет» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алганын жазган.
Маалым болгондой, Токмок АШКсына «Жаңы Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Эл биримдиги» саясий партияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн мыйзам бузуулар боюнча арыз келип түшкөн. Арыздын негизинде «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы №98 мыйзамынын 49-беренесинин 7-пунктуна ылайык, шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмелерин түзүүдө саясий партиялар төмөндөгүлөрдүн өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү:
— бир жыныстагы адамдардын 70 пайызынан ашык эмес, мында саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелеринде аялдардын жана эркектердин кезектеги айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш;
— 1ден кем эмес талапкер — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
Мында саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси көрсөтүлгөн учурдан тартып алынган мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
Токмок АШКсы «Адилет» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Токмок шаардык кеңешине шайлоого 5 саясий партия — «Эл биримдиги», «Жаңы Кыргызстан», «Адилет», «Ыйман нуру», «Ынтымак» партиялары катышууда.
«Адилет» партиясынан Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси
№ | Талапкердин аты-жөнү | Туулган жылы | Иштеген жери | Кызматы | Жашаган жери |
1 | Солтобаев Тилек Асанович | 04.02.1988 | Чуйское лесоохотничье хозяйство Лесной службы при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики | Директор | Токмок шаары |
2 | Иманалиев Мирбек Сагынбекович | 30.01.1986 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
3 | СыдыковаЧолпон Сахалинбековна | 18.10.1970 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
4 | Ваншу Абу-Бакыр Юсупович | 24.03.1987 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
5 | Супумурзаев Бахтияр Джсурабаевич | 09.04.1973 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
6 | Айтышева Толгонай Канатбековна | 08.02.1988 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
7 | Сымыратов Ардакбек Алмазбекович | 03.03.1994 | ЦОВП Чуй-Токмок | Фельдшер | Токмок шаары |
8 | Люшанло Шамил Абдуллаевич | 15.12.1986 | Бөлүм башчы | Токмок шаары | |
9 | Ахтырская Ирина Викторовна | 24.12.1963 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
10 | Абдыкеримов Нурбек Абдыкеримович | 29.06.1991 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
11 | Тынайбеков Максат Тынайбекович | 02.05.1988 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
12 | Алимова Малика Тахиржановна | 05.05.1991 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
13 | Бектуров Тариэл Кубатбекович | 30.01.1985 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
14 | Набиев Юбур Джунусович | 28.08.1976 | ЧП, | Жеке ишкер | Токмок шаары |
15 | Дунганова Фарида Таштановна | 21.02.1976 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
16 | Казакбаев Тахир Замирбекович | 28.10.1981 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
17 | Лулаков Роман Владимирович | 03.11.1982 | ЧП | Мал доктур | Токмок шаары |
18 | Субанова Нургуль Жолдошбековна | 19.03.1983 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
19 | Ильязов Ислам Бекназарович | 12.01.1995 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
20 | Жумалиев Урмат Чыныбекович | 18.04.1984 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
21 | Кожомкулова Динара Жумабековна | 09.05.1975 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
22 | Машанло Ибрагим Щимарович | 04.03.1989 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
23 | Кубанычбек уулу Канатбек | 08.06.1994 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
24 | Салеева Татьяна Касымовна | 08.10.1972 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
25 | Джетимишев Самат Жанышевич | 20.08.1991 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
26 | Абдимуталипов Алтынбек Абдимуталипович | 18.04.1990 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
27 | Дарбекова Аида Канатовна | 03.10.1987 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
28 | Манжиев Максат Юрьевич | 15.04.1992 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
29 | Арлиев Рахи Арлиевич | 25.06.1977 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
30 | Абдинасир кызы Гульзада | 18.07.1978 | Чуй-Токмок ОГС | Башкы адис | Токмок шаары |
31 | Абдраимов Бекмырза Кусеинович | 29.09.1992 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
32 | Момуналиев Уметалы Кубатбекович | 16.01.1991 | МП «Токмок-Водоканал» | Участоктун башчысы | Токмок шаары |
33 | Табалдиева Наргиза Канатбековна | 01.01.1990 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
34 | Жээналиев Максат Жоодарбекович | 05.07.1997 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
35 | Мамбетов Максат Темирбекович | 04.05.1983 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
36 | Лажаров Турсунбай Оморович | 14.10.1988 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
37 | Нурлан уулу Байзак | 16.12.1994 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
38 | Молдошева Асель Эсенбековна | 01.06.1971 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
39 | Солдатов Вадим Вадимович | 16.02.1993 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары | |
40 | Батырбек уулу Арнур | 10.01.1990 | Убактылуу иштебейт | Токмок шаары |
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.