Бразилиянын джиу-джитсу боюнча кара курдун ээси Иран Маскаренас Кара-Балта шаарында муунтууну көрсөттү

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-жылдын 11-июлунда Бразилия джиу-джитсу боюнча кара курдун ээси Иран Маскаренас Кара-Балта шаарына келип, жаш спортчуларга мастер-класс өткөрдү. Тактап айтканда ал сабмишн ыкмасын, кармаш мөөнөтүнөн мурда аяктап жатканда муунтууну көрсөттү, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мындан тышкары, бразилиялык чемпион чеберчиликтин кийинки баскычтары боюнча аттестация өткөрдү. «Манас» спорт комплексинин джиу-джитсу боюнча машыктыруучусу Алмазбек Мамбетов кызгылт көк кур, анын окуучусу Карбек Смаилов боз кур менен сыйланды.

Андан кийин И.Маскаренас жаштарга көрсөтүлгөн ыкмаларды иштеп чыгууга жардам берди.

Гранд-мастер өзү жөнүндө айтып берди, ал Бразилиядан, Манаус шаарынан (Амазония) болот, 45 жашта. 33 жылдан бери бразилиялык джиу-джитсу менен машыгып келет. Ал Кыргызстанга Маскаренас мектебинин бразилиялык джиу-джитсусун өнүктүрүү үчүн келген.

«Кыргызстанда улуттук курама командага кирген балдар бар. Мен Кара-Балтадан да балдар командага кошулуп, спорттун бул түрүн өнүктүрүшүн каалайм», — деди Иран.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Бишкектин спорт клубдарында Иран Маскаренасынын ушундай мастер-класстары өткөн.

Бразилия джиу-джитсу деген эмне?

Бразилия жиу-джитсу — позициялык күрөш, анын негизги максаты — пайдалуу позицияга түшүп, оорутуп кармап туруу. Күч күрөшүнөн (эркин, классикалык, сумо ж.б.) айырмаланып, позициялык күрөштө дене күчү чоң роль ойнобойт.

Бразилия джиу-джитсу боюнча негизги күрөш дайыма жерде өтөт. Атаандашын ийгиликтүү ыргытуу болгон дзюдо менен самбодон айырмаланып, Бразилиянын жиу-джитсуда күрөш такыр ыргытуусуз өтүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️