Пример HTML-страницы

Боз-Бармак айылындагы алгачкы үлпөт той, мугалим жубайлардын махабаты

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургундары Төрөгелди Айдарбеков менен Райхан Айдарбекова. Жубайлар тууралуу алардын эң кичүү уулу Бексултан Төрөгелди уулу айтып берди.

Төрөгелди Айдарбеков 1951-жылы 16-мартта Ысык-Ата районунун Боз-Бармак айылында төрөлгөн. Райхан Айдарбекова 1953-жылы 28-мартта аталган айылда жырык дүйнөгө келген. Алардын 4 уул, 2 кыз, 23 небереси бар.

«Атам Төрөгелди Айдарбеков 1969-жылы Ысык-Ата районундагы немистердин мектебин аяктаган. Апам дагы ушул мектепте окуган. Атам мектепти аяктаган соӊ 1970-жылы Россиянын Курская облусундагы Рыльск шаарындагы авиация училищасына тапшырган. Ал жерден радио байланыш боюнча инженер кесибин алып чыккан. 1974-жылдан баштап Ош авиа ишканасында радио техник-инженер болуп иштеп жүрүп, 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна инженер болуп жумушка орношкон. 1978-жылы Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылындагы №64 айылдык кесиптик-техникалык училищада орус тилчи жана адабиятчы мугалим, 1991-жылдан баштан Ысык-Ата районундагы Актилек орто мектебинде информатиканын негиздери жана экономика сабагынан мугалим болуп кирип, азыркы күнгө чейин эмгектенип келишет. Үзүрлүү эмгектин арты менен «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Апам Райхан Айдарбекова 1972-жылы мектепти аяктап, ушул эле жылы Россиянын Оренбург мамлекеттик педагогикалык университетине тапшырган. 1976-жылдан баштап Ош облусундагы Кара-Суу районунда жайгашкан Примбердиев мектебине орус тилчи жана адабиятчы мугалим болуп ишке кирген. Өз кезегинде Коммунисттик партиянын мүчөсү болгон. 1991-жылдан баштап Ысык-Ата районундагы Актилек орто мектебинде орус тил жана адабияты сабагынан берип, ушул күнгө чейин эмгектенип келет. Апам дагы үзүрлүү эмгегинин арты менен «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине татыган», — деди ал.

Төрөгелди ата менен Райхан апа 6 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, эсте каларлык үлпөт той өткөрүшкөн.

«Атам менен апам бир мектепте окушкан. Ошол окуучулук кезде алгачкы каттар жазылып, биринчи сүйүүлөрү пайда болгон. Ошентип алар 6 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 1975-жылы баш кошушкан. Алардын айтымында, Боз-Бармак айылында алгачкылардын болуп үлпөт той өткөрүшкөн. Апам кадимки үлпөт тойдогу ак көйнөк, атам костьюм-шым кийип, достору дагы майрамга ылайык кийинишкен экен. Анан унаага түшүп, айылды кыдырып, сүрөткө түшүшкөн. Мындай көрүнүш айылда эӊ алгачкылардан болгонун айтып калышат.

Эсте калган окуялары дагы көп. Алардын бирин айтып берейин. Россиядан жогорку окуу жайды аяктап келип, экөө теӊ Ош шаарында жашап, иштеп калышат. Ал кезде апам палоо жасаганды билчү эмес экен. Атамдын Ош шаарындагы жергиликтүү достору бир күнү конокко келип калышыптыр. Апам палоону кантип бышырарын билбей, кечке эле майга кууруй бериптир, же анысы бышпайт. Ошентип атам достору менен тамакты 3 саат күтүп, курсактары ачканда, «кандай болсо да чыгар, жейли» деп кытырак күрүчтү жешкен экен. Азыркыга чейин эстеп, айтып, күлүп калышат», — деди ал.

Төрөгелди ата жаш жубайларга кеп-кеӊеш айтып, бекем, ынтымактуу үй-бүлөнү куруу үчүн эки жаш бирин-бири сыйлоо керектигин айтты.

«Турмуштун ачуу-таттуусу болот, бирок аны чогуу жеӊиш керек. Аял кишини урматтоо керек, себеби Кудайым аял кишини жүрөктүн астынан, кабыргадан жараткан. Эркек канатынын алдында көтөрүп, коргоп жүрүш керек. Аял киши дагы мырзасын сыйлоосу зарыл. Балдардын көзүнчө ата-эне бирин-бирине жаман сөз айтпаганга аракет жасаса, аларга дагы жакшы тарбиянын бири болот.

Келекчекте жубайым экөөбүз ажылык сапарга барып келсек деген ниетибиз бар. Бош убактымда араб тилин жаттап, куран окуп, зикир чалам. Жубайым китеп көп окуйт жана балдарга билимди жакшы жеткирүүнүн үстүндө иштейт. Интернеттен жаӊы ыкмаларды карайт. Неберелериме белек кылам деп төшөк жасап да жүрөт», — деди Төрөгелди ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE