Бостеридеги «Золотые пески» эс алуу жайындагы мыйзамсыз курулуштар алынып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 17-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарынын Бостери айылында «Золотые пески» эс алуу жайындагы көл жээгинен 100 метр аралыкта жайгашкан мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде көл жээк аймактагы мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүүдө.

Бул кадамды тургундар түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамга ылайык жасалган иштердин колдоого алынуусу зарыл экенин белгилешти.

Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан демонтаж иштери калаанын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

Чолпон-Ата шаары жана Бостери айыл аймактары Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы эс алуу үчүн негизги туристтик багыт болуп саналат. Анда жүздөгөн эс алуу жайлары, эс алуу үйлөрү, пансионаттар жайгашкан.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️