Бостериде табылган россиялык бала ата-энесине өткөрүлүп берилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧолпон-Ата шаарына караштуу Бостери айылында жоголуп кеткен бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-июль күнү Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатында эс алып жатышкан Россиянын Тюмень шаарынын тургундары 6 жаштагы баласын жоголгонун айтып кайрылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чарасынын натыйжасында, Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери 30 мүнөттүн ичинде баланы таап, ата-энесинин кайтарып беришкен.

«Милиционерлердин ыкчам жана уюшкандык менен аракет кылганына таң калдык. Биз бүт аймактан издеп, бирок таппадык. Милиция биздин балабызды дароо эле таап алды. Бул ар бир мүнөт чечүүчү ролду ойногондо абдан маанилүү», — дейт баланын атасы.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️