Пример HTML-страницы

Боомдогу өрттү өчүрүүгө жалпы 140 адам тартылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-март күнү, Көк-Мойнок-2 айылындагы ачык аянтта экинчи жолу тутанган өрт саат 15:11де чектөөгө алынып, 17:05те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт 4 тилкеде чыгып, жалпы 1 гектардан ашык аянтты каптаган.

Учурда жеринде түнү менен өрт кырсыгын алдын алуу жана кайра келип чыгуусуна жол бербөө максатында 3 күжүрмөн эсеп менен өрт өчүрүүчүлөр нөөмөттө турушат.

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында бүгүн саат 11:20 чамасында кайрадан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп, Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 1, Тоң райондук №38 ӨКБдан 1, жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана 44 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле аймактагы өрт кырсыгын көзөмөлдөө максатында ӨКМге караштуу кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу атайын унаа менен иш алып барды. Мындан сырткары 3 авариялык куткаруу унаасы, 3 мотопомпа, токой чарбасынан 30 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 33 адам, Тоң райондук РИИБден 22 кызматкер, Коргоо министирлигинин аскер бөлүгүнөн 38 аскер кызматкери жалпы 140 адам өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөтүштү.

Кечээ, 24-мартта айылдагы ачык аянттын ар кайсы тилкесинде өрт чыгып, кечки саат 21:30да толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун жалпы аянты 5 гектарга жетип, 2 сарай жана 1 үйдүн дубалы күйгөн. Бактыга жараша, адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE