Пример HTML-страницы

Боом капчыгайында жана Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун боюнда өрт күч алды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБоом капчыгайындагы өрт токойдун аймагын жана куураган чөптү каптады.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт Кемин районунда жана Балыкчы шаарына жакын жерде катталган.

Өрт Тоң районунун Көк-Мойнок-1 жана Көк-Мойнок-2 айылдарынын ортосундагы токой тилкесин каптады. Ал турак жайларга жайылып кетүү коркунучу бар.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт май куюучу жайга жакындап калган. Ал учурда күч алып жатат. Кара түтүн бардык жерди каптады.

Ошондой эле Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын тушунда, Бишкек—Нары—Торугарт айланма унаа жолунун жээги дагы күйүп жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы аталган жерлерден чакыруу түшүп, куткаруучулар жеринде иштеп жатат.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, темир жолдун боюндагы Кыямат-Күркөл тилкесинин 148-темир жол кайчылашындагы 3912-чакырымдан 3935-чакырымга чейин (Ысык-Көл облусунун Тоң району) куураган чөп күйүп жатат.

Өрттүн темир жолго жайылуусуна бөгөт коюу үчүн тиешелүү чаралар көрүлдү, темир жолго коркунуч жок. Окуя болгон жерге кызматкерлер тартылып, өрт өчүрүлүп жатат.

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаары боюнча ӨКБнын №19 ӨККБнын кезмет нөөмөтүнө саат 12:32де Тоң районунун Көк-Мойнок-2 айылында бак-дарактар күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошондой эле саат 12:55те Балыкчы—Бишкек жолунун 38-чакырымындагы тамактануучу жайынын тушунда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Балыкчы шаардык ӨКБнын №19 ӨККБнын 3 өрт өчүрүүчү автоунаасы, 2 авариялык-куткаруу автоунаасы, 1 мотопомпа, өздүк курамдан 28 адам жана Токой чарбасынан 16 адам, 2 мотопомпа, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынан 20 адам, жергиликтүү жашоочулардан 50 адам өрт өчүрүүгө катышууда.

Балыкчы—Бишкек жолунун 38-чакырымындагы тамактануучу жайында катталган өрт саат 14:10до чектөөгө алынып, саат 15:10до толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 3 гектарды түзгөн.

Көк-Мойнок айылында катталган өрт кырсыгын өчүрүү иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE