Боом капчыгайында оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районунда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып, ичиндеги товарлар жерге чачылып кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 24-октябрда болжол менен саат 16:00 чамаларында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында катталган.

«Анда чоң жүк ташуучу “DAF” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып рулга ээ боло албай жолду бөлүп турган тосмону сүзүп, андан соң кулаган.

Жол кырсыктын кесепетинен ичиндеги жүргүнчүсү ар кандай жаракаты менен Кемин районун аймактык ооруканасына кайрылган. Жол кырсыгы болгон жерде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жол тыгындарын алдын алуу иштери жасалды», — деп айтылат маалыматта.

Күбөлөрдүн айтымында, бир жүргүнчү жабыркаган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️