Боом капчыгайынан ири суммадагы акча табылган. Ээси аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кабак айылынын тургуну Акылай Жапаралиева Боом капчыгайынын кире беришинде май куюучу бекеттин жанынан капчык таап алган.

Капчыкта Румыниянын жаранына тиешелүү документтер, банк карталары жана ири суммадагы акчалары болжол менен 3600 доллар, 500 евро, 2000 сом, рубль, тенгелер болгон.

Ысык-көлдүк үй-бүлө 16-октябрдан тарта издөө иштерин жүргүзүп, кечээ, 17-октябрда капчыкты ээсине кайтарып беришти.

«Ошол күнү түнкүсүн мекениме учмакмын» деп көзүнө жаш алып, ыраазычылыгын билдирген Драган Лилиана Иоана.

Румыниянын жараны Драган Лилиана Иоана 1944-жылы туулган, Бухарестте жашайт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️