Turmush — Ата мекендик авиакомпания сатып алган «Bombardier Dash 8-Q400» учагы бүгүн, 3-октябрда Баткен шаарына биринчи каттамын ишке ашырды. Бирок аба ырайына байланыштуу ал жакка коно алган жок.
Баткен шаарындагы аэропорттун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Бишкек—Баткен—Бишкек каттамы боюнча жумасына 3 рейс уюштурулат. Жума жана жекшемби күндөръ авиарейстерди жеке менчик авиакомпания аткарат. Бейшемби күнкү каттамды «Манас» аэропортунун алдында түзүлүп, «Bombardier Dash 8-Q400» учагын сатып алган компания аткарууда.
Бүгүн, 3-октябрда «Bombardier Dash 8-Q400» учагы Бишкек—Баткен [рейс KGN151] маршруту боюнча учуп, бирок аэропортко аба ырайынан улам коно албай койгон.
Жүргүнчүлөр билеттердин баасы 3300 сомдон 4200 сомго чейин экенин айтышты. Айрымдары бааны бир калыпта турбай өзгөрүп жатканын айтып нараазы болушса, айрымдар 7000 сомдон (мурдагы баалар) көрө арзан экенин айтышты.
Буга чейин 6-сентябрда «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын алдындагы авиакомпания үчүн сатып алынган алгачкы учак келип конгону кабарланган. Учак былтыр сентябрь айында сатып алынган. Ал ички каттам үчүн пайдаланылат, Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын жакын шаарларына каттайт. Экинчи учак октябрь айында, ал эми үчүнчү учак 2025-жылдын май айында келери айтылган.
Бул учак буга чейин Ош шаарына жана Талас шаарына каттамды ишке ашырды.
Министрлер кабинетинин алдындагы Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов Ош—Бишкек каттамына күнүнө 2-3 каттам киргизүү пландалып жатканын, билеттерди канчалык эрте сатып алса, ошончолук арзан болорун айткан.
«Үч бурчтуу» каттам киргизебиз деп пландап жатабыз. Мисалы Бишкек—Талас—Ош, кайрадан Ош—Талас—Бишкек кылып же дагы башка «үч бурчтуу» каттамдарга туура келген жолдорду киргизебиз деп турабыз», — деген Бостонов.
«Bombardier Dash 8 Q400» учагынын негизги мүнөздөмөлөрү
Өлчөмү
Узундугу (м) — 32.8
Канатынын жалпы узундугу (м) — 28.4
Бийиктиги (м) — 8.4
Канатынын аянты (чарчы м) — 63.1
Салмагы
Учуудагы максималдуу салмак (кг) — 29 260
Жүргүнчү жүктөөдөгү максималдуу салмак (кг) — 28 010
Бош абалдагы (кг) — 17 110
Мунай жок абалдагы салмак (кг) — 25 850
Максималдуу коммерциялык салмак (кг) — 8 750
Май куюу сыйымдуулугу (л) — 6 530
Учуу мүнөздөмөсү
Максималдуу салмак менен учуу аралыгы (км) — 2 500
Крейсердик ылдамдык (км/ч) — 667
Учуу бийиктиги (м) — 8 200
Учуудагы аралык (м) — 1 300
Конуудагы аралык (м) — 1 290
Кыймылдаткычтары P&WC PW150A, 2 x 5075 л.с.
Жүргүнчү салону
Орундуктардын саны (эконом) — 70-78
Орундуктардын арасындагы аралык (см) — 76-84
Салондун узундугу (м) — 18.8
Салондун туурасы (м) — 2.51
Салондун бийиктиги (м) — 1.95
Ортодогу өтүүчү аралык (м) — 0.40
Отургучтун туурасы (м) — 0.44
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.