Блогер Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү узартылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБлогер Адыл Акжол уулунун абактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

3-октябрда Биринчи май райондук соту блогер Адыл Акжол уулунун бөгөт чарасын карап, 4-ноябрга чейин узарткан. Тергөө мөөнөтү да 4-ноябрга чейин белгиленген.

—————————————————————-

Блогер Адыл Акжол уулунун үстүнөн дагы бир кылмыш иши козголгон.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, 2024-жылдын 22-июль күнү Ысык-Көл облусунун 1973-жылы туулган К.Э. аттуу жашоочусу УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 8-июлунан бери А. уулу А. жеке ишкананага байланыштуу тартылган видео тасманы өчүрүү үчүн олуттуу өлчөмдө акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Пример HTML-страницы

Аталган факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А. уулу А. Өзүнүн ютуб каналына аталган ишкерге тиешелүү материалды жүктөп, аны 76 миң колдонуучу көргөндүгү жана башка социалдык тармактарга тарап кеткендиги аныкталган.

Учурда УКМК менен биргеликте ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

———————————————————

2024-жылдын август айынын башында Адыл Акжол уулу кармалганы маалым болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча кылмыш иш козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 5-августунда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Адыл Акжол уулун 2024-жылдын 4-октябрына чейин камакка алган.

Кийинчерээк анын апасы Айнурат Сартмаматова өлкө жетекчилигине кайрылуу жасап, уулуна камакка байланышпаган баш коргоо чарасын тандоону суранган.

Адыл Акжол уулу «Ош-Пирим» жана «Ош ТВ» телеканалдарында иштеген. Ал эми 2022-жылдын 12-апрелинде «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директорунун орун басары болуп дайындалган.

Андан кийин Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун орун басары кызматына дайындалган. 2024-жылдын март айында аталган кызматтан бошотулуп, блогерлик менен алектенип жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️