Бишкектен уулу менен коштошуп, жолго чыккан эне Кочкорго келгенде анын өлүмүн уккан

TurmushКочкор районунда 7-апрель — Элдик революциясынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эскерүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик, Апрель окуясынын катышуучулары, каза болгондордун жакындары жана тургундар катышты.

Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Ишебүбү Кадырова уулу Зайырбек Сапитовду 22 жашында жоготуп алган.

«Уулум болгону 22 жашта эле болчу. Ошол убакта Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 4-курста окуп жаткан. Колумда калып, бизди бага турган уулум Зайырбек эле. Сырттан окуу бөлүмүнө которуп алуу боюнча окуу жайына канча ирет кайрылдым. Деканына чейин кирген күндөрүм болгон. Бирок алар таптакыр макулдугун бербей, «уулуңуз мыкты окуйт, ушул жерге калып иштей турчу, биз ишенген студент» дешкен. Ошол учурда сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетсе, балким өлбөй калат беле деп калам.

Мен 6-апрель күнү келиним Ажарды, неберемди жеткирип, Бишкек шаарына баргам. Кечинде маанайы жок үйгө келип, «эртең кайра айылга эрте кетиңиз, Ажарды да ала кетиңиз» деп койду. Мен: «Келинчегиң жаныңда болсун. Мен деле шашпай кетем» десем, болбой койду. Эртеси, 7-апрель күнү бизди таксиге салып жиберди. Биз жолдо кетип бара жатканда эле каза болуп, айылдагыларга кабар эбак жетиптир. Ок жүрөгүнөн кирип, далысынын астынан чыгып кетиптир. 12 жыл өткөнү менен эне баласын унута албайт экен. Баламды жоктоп ыйлай берип, көзүмөн ажырап калдым. Ушунча бала окко учуп, майып болуп калгандардын үмүтү акталбады. Ичим күйгөнү бийлик алсыздык кылып, күнөөлүүнү качырып жиберди», — дейт Ишебүбү Кадырова.

Элдик революцияда Кочкор районунун 5 тургуну каза болгон.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️