Бишкектен Ош шаарына алынып келген троллейбустар качан каттамга чыгат?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-октябрда Ош шаарында №2 каттамдагы троллейбустар кайрадан каттамга чыгып баштады. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын башкы инженери Рыспай Жээналиев билдирди.

Анын айтымында, №2 каттамда жалпы 12 троллейбус бар. Анын ичинен бүгүн 8-9 троллейбус каттамга чыгарылды.

«Ал эми Бишкектен 100 троллейбус алынып келет деп айтылган. Биринчи партия менен 38 троллейбус келип, бүгүнкү күндө ишканада турат. Алар кээ бир учурда каттамга алмашып чыгарылат. Ал эми аларды каттамга кошуу үчүн атайын линиялар тартылышы керек. Ошондо гана каттамга чыгарылат», — деди Жээналиев.

Ош шаарында «Жылуулук камсыздоо» ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу №2 каттамдагы троллейбустар убактылуу каттамдан алынган.

————————————————————

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush Бишкек шаардык мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берүүнү пландап жатканын жазган.

2024-жылдын 6-августунда Ош шаарына Бишкектен троллейбустардын алгачкы партиясы алынып келген. Алгач 6 троллейбус жеткирилген.

Бул троллейбустарды шаардын батыш бөлүгүндөгү кичи райондорго каттатуу болжолдонууда. Аталган багыт троллейбустардын жаңы үчүнчү каттамы болуп калат.

—————————————————-

Баткен шаарынын 25 жылдык маарекесинде Бишкек шаарынан Баткенге 10 троллейбус берелерин айтылды.

Ошондой эле 2024-жылдын сентябрь айында Нарын шаарына 6 троллейбус алынып келген. Троллейбустар борбор калаа Бишкек шаарынан жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️