Пример HTML-страницы

Бишкектеги 100 троллейбус Ош шаарына берилет. Адистер алардын абалын текшерип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаардык мэриясы100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Саибжан Турдуев билдирди.

Анын айтымында, борбордогу троллейбустарды алуу Ош шаардык мэриясынын сунушу менен Бишкек шаардык кеңешине киргизилген. Бүгүнкү күндө атайын адистер барып, Ошко алынып келе турган троллейбустардын абалын текшерип, таанышып жатат.

«Ош шаардык мэриясынын сунушун Бишкек шаардык кеңешинде колдоп беришкен болчу. Учурда троллейбустарды текшерип, кароо иштери жүрүп жатат. Троллейбустарды алып келүү иши оңойго турбайт. Ошондуктан акырындык менен иш алып келүү процессин караштырып жатабыз. Себеби троллейбустун байланыш зымдары бар, аларды кылдаттык менен карап алып келбесе, кыйынга туруп калышы мүмкүн. Ошондой эле троллейбустар келе турган болсо, кайсы каттам менен жүрө турганы да каралат», — деди Турдуев.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында 30 трролейбус каттамга чыгып иштейт. Андан сырткары ISUZU үлгүсүндөгү 50 микро автобус жана ЛиАЗ үлгүсүндөгү 30 автобус бар. Ушул жылдын март айында Ош шаарына Өзбекстандан 100 автобус алынып келген. Азырынча алар каттамга чыгарыла элек. Электрондук системасы ишке киргизилгенден кийин жакын аралыкта каттамга чыгарыла турганы айтылган.

———————————————

«Баракелде» басылмасы Бишкек шаарындагы 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берүү пландалып, тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешине келип түшкөнүн жазган.

«Калктын ири шаарларда топтолушу — дүйнөлүк тенденция. Ал эми өлкөнүн экинчи ири шаары болгон Ош шаары дагы бүгүнкү күндө миграциянын ири агымына туш болууда. Ошентип Ош шаарында жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жүргүнчү ташуу маселесин чечүү зарыл.

Бишкек шаарында троллейбустарды пайдалануу экологиялык жактан таза жана сыйымдуулугу жогору болгондугу, пайдаланууга кеткен чыгымдын арзан болушу менен шартталган.

Ошол эле учурда 2022-жылдын 2-ноябрында «Бишкек троллейбус башкармылыгы» муниципалдык ишканасы тарабынан «Ankai Automobile Co.,Ltd» менен келишимге кол коюлган. Анын алкагында 2025-жылдын экинчи кварталында 120 аккумулятордук электробусту жана ага байланыштуу кубаттооочу түзүмдөрдү алып келүү пландалууда. Троллейбустарды Ош шаарына өткөрүп берүү Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын төмөндөтүүгө алып келбейт, анткени троллейбустардын ордуна электробустар колдонулат.

Бүгүнкү күндө айрым троллейбустардын иштөө мөөнөтү 15 жылдан ашты, ошону менен бирге троллейбустардын орточо эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан ашпоого тийиш», — деп айтылат негиздеме-маалым катта.

Троллейбустар менен бирге алардын иштөөсүнө керектүү мүлктөр да берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE