Бишкекте көз жумган 25 жаштагы келин Ошто жерге берилди. Айрым жагдайлар белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарында каза болгон 25 жаштагы келиндин жакындары Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2024-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде катталган. 25 жаштагы келин оор абалда ооруканага келип түшүп, аз убакыттан кийин өзүнө келбей каза болгон. Келиндин сөөгү 8-июль күнү Ош шаарында жерге берилди.

Бишкек шаарында соттук-медициналык экспертиза келин өз ажалы менен каза болгону тууралуу жыйынтык чыгарып, маркумдун жакындары бул жыйынтыкка ишенбей, ишти кайрадан комиссиялык экспертиза карап берүүсүн суранып, Ош ШИИБге арыз менен кайрылган. Алар келин киши колдуу болгонун жана өлүмүнө анын күйөөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүн экенин айтышкан.

«Ош шаардык ички иштер башкармагы тарабынан бул окуя боюнча тишелүү комиссиялык экспертиза дайындалып, окуя Бишкек шаарында катталгандыктан тиешелүү иш кагаздары Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү. Экспертизанын жыйынтыгы 1 айдан кийин белгилүү болот», — деп айтылат маалыматта.

Turmush басылмасына маалым болгондой, 25 жаштагы А.М. 7-июлга караган түнү каза болгон. Ал 2023-жылдын июль айында турмушка чыккан. Жолдошу жубайы дары ичкенден кийин ооруканага түшкөнүн айткан. Бирок келиндин жакындары анын денесинде ур-токмоктун белгиси болгонун билдиришти.

Пример HTML-страницы

Маркум медицина кызматкери болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️