Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунун Кара-Көлдөгү тилкесинде сел жүрүп, унаа тыгыны пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-июнда түштөн кийин катуу жааган жамгырдан улам Бишкек—Ош жолунун Кара-Көл шаарынын аймагына караштуу тилкелеринде автоунаа тыгыны жаралды. Унаалар 30 мүнөттөн бери жолдон өтө албай жатат. Бул тууралуу жүргүнчүлөр билдирди.

Алардын айтымында, Бишкек—Ош жолунун Кара-Көл шаарынын 3 тилкесинде, тактап айтканда Көк-Бел участкасында тоодон сел суусу түшүп, автоунаа жолун каптаган. Мындан улам Бишкек—Ош жолунун эки тилкесиндеги унаалар ылай аралаш келген суудан өтө албай, селдин басаңдашын күтүүдө.

Сел суулары менен чогуу шагыл таштар, чоң таштар түшүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE