Бишкек—Ош жолунда жүк ташыган унаа менен «Мерседес-Бенц Спринтер» кагышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол-транспорт кырсыгы катталып, эки унаа кагышты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, кырсык кечээ, 25-августта саат 18:10 чамасында болгон.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Бишкек—Ош унаа жолунун 376-чакырымында Бишкектен келе жаткан жүк ташуучу унаа Ош тараптан келе жаткан унааны сүзүп токтогон. Кырсыкка кабылган «Мерседес Бенц 814» унаасында ата-бала бара жаткан. Ал эми экинчи унаа — «Мерседес-Бенц Спринтерде» айдоочу гана болгон. Кырсыктын кесепетинен унаалар чыгымга учурады.

Ал эми айдоочулар Кара-Көл шаарынын ооруканасына кайрылып, медициналык жардам алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️