Бишкек—Ош жолунда түркмөнстандык айдоочу башкарган жүк ташыган унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын видеосу

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында унаалар кагышкан учур видеого түшүп калды. Видео жаздыргыч «Хендай Портер» унаасына орнотулган.

Видеодон «Хонда Фит» унаасы каршы тилкеге чыгып, фура менен кагышканын көрүүгө болот. Жүк ташыган унаанын айдоочусу кагылышуудан качып унааны бурганда, ал оодарылып кеткен. Андан кийин ал «Хендай Портерди» сүзгөн.

Буга чейин Turmush аталган жол кырсыгы тууралуу жазган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2024-жылдын 22-август күнү саат 17:10 чамасында Бишкек—Ош жолунун 663-чакырымында, тактап айтканда Шарк айыл аймагындагы Фуркат айылында Түркмөнстандын Фарап шаарынын тургуну — 1977-жылы туулган З.Б. өзүнүн (документери такталууда) фура унаасы менен Мады айыл аймагындагы Кыргыз-Чек айылынын тургуну — 1995-жылы туулган К. уулу Б.нын оң рулдуу «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан.

Пример HTML-страницы

Андан кийин фура унаасы жолдун четинде токтоп турган Алай районуну Гүлчө айыл аймагынын тургуну — 1982-жылы туулган К.Ж.нын «Рено-Магнум» үлгүсүндөгү унаасынын чиркегичин, Алай районуну Гүлчө айыл аймагынын тургуну — 1978-жылы туулган А.Ж.нын «Волво» үлгүсүндөгү унаасынын чиркегичин жана «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унааларын сүзүп, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу — 1962-жылы туулган А.М. жана жүргүнчүсү — 1977-жылы туулган К.Т. Ош облустук ооруканасына кайрылган.

Ал эми Ош облустук бириккен клиникалык оорканасынын жетекчисинин орун басарынын айтымында, ооруканага эки жаран кайрылган.

«Кечээги авто кырсыктан эки жаран келип түшкөн. Алар — «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү. Алардын абалы туруктуу. Айдоочунун кабыргалары сынган, ал азыр хирургияда жатат. Жүргүнчүсү жамбаш сөөгүнөн жаракат алып, травматология бөлүмүнө жаткырылган. Калган айдоочулар келген эмес, болгону фуранын айдоочусу — Түркмөнстандын жараны келип, бизден ооруну басаңдатуучу дары ичип гана кеткен», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️