Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунда бараткан туугандар кырсыкка кабылып, төртөө жан берген. Жаңы жагдайлар белгилүү болду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан жабыркаган бейтаптар ооруканада дарыланып жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы Таш-Көмүр шаардык ооруканасынан тактаган маалыматка караганда, кырсыктан улам жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 3 бейтаптын бири палатага которулса, 46 жаштагы жаран бүгүн, 27-майда облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө которулуп жатат. Анын абалы оор. Жандандыруу бөлүмүндөгү дагы бир бейтап — 4 жаштагы баланын абалы орто оор деп бааланууда. Ал эми хирургия бөлүмүнө жаткырылган 5 бейтап өз аймактарындагы ооруканаларга которулду.

Жалал-Абад ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 2024-жылдын 24-майында саат 06:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 432-чакырымында Ош багытын көздөй бара жаткан Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Базар айылынын тургунуна таандык «Тойота Альфард» үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеде келе жаткан «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны сүзүп, кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен 4 адам окуя болгон жерде каза болгон.

Turmush басылмасына маалым болгондой, каза болгондордун баары «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаада бара жатышкан, баары туугандар болушкан. Тактап айтканда, айдоочу, айдоочунун жээни жубайы менен, айдоочунун дагы бир келини окуя болгон жерде жан берген. Келиндердин бири унаа ичинде таанылгыс абалда күйүп кеткен. Айдоочунун жубайы жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аталган унаада 4 жаштагы бала да болгон. Көз жумгандардын арасында баланын ата-энеси да бар.

Буга чейин Бишкек—Ош унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынан Аксы районунун 4 тургуну каза болуп, 10 адам Таш-Көмүр шаардык ооруканасына түшкөнү маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE