Бишкек-Ош жолун ылай жана таштар тосуп калды. Окуя болгон жерге атайын техникалар тартылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош жолунун 364-чакырымында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылып калган. Учурда жеринде эки техника иштеп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 23.06.2024-жылы Бишкек—Ош жолунун 373-374-чакырымында жамгырдан улам катуу сел жүрүп, таш аралашкан ири көлөмдө көчкү түшүп, жолду толугу менен жаап калган.

Азыркы учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин окуянын күбөлөрү Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, 2024-жылдын 23-июнь күнү саат 16:00 чамасында Капчыгай аймагындагы сел Бишкек—Ош унаа жолунун 375-чакырымында унаа кыймылын жаап калган.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын Көк-Бел тилкесинде жамгыр жааган. Кокту-колоттон сел агып түшкөн.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️