Бишкек—Ош жолу бир тараптуу ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош жолу бир тараптуу ачылды.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына караганда, жолдун тилкеси тазаланды. Иш уланууда.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 374-чакырымда 6 тилкеге ​​ылай жана таш түшкөн. 10 кызматкер жана 6 бирдик атайын техника тартылган.

—————

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 23.06.2024-жылы Бишкек—Ош жолунун 373-374-чакырымында жамгырдан улам катуу сел жүрүп, таш аралашкан ири көлөмдө көчкү түшүп, жолду толугу менен жаап калган.

Пример HTML-страницы

Буга чейин окуянын күбөлөрү Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, 2024-жылдын 23-июнь күнү саат 16:00 чамасында Капчыгай аймагындагы сел Бишкек—Ош унаа жолунун 375-чакырымында унаа кыймылын жаап калган.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын Көк-Бел тилкесинде жамгыр жааган. Кокту-колоттон сел агып түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️