Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош унаа жолунун боюнда электр чубалгылары самсаалап турат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылында, Бишкек—Ош унаа жолунун боюнда электр чубалгылары жерге чейин самсаалап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, көчө чырактарынын зымдары төмөн карай түшүп калган.

Чүй электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы көчөлөрдү жарыктандыруучу каражаттар жергиликтүү бийликке тиешелүү экенин, көчөлөрдү жарыктандыруу иши аларга карабай турганын билдирди.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы бул тилке №40 жол тейлөө мекемесине тиешелүү экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE