Бишкек—Ош унаа жолунда «Hyundai Porter» менен тез жардам унаасы сүзүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолунда тез жардам менен «Hyundai Porter» унаасы сүзүшүп, 5 адам бейтапканага кайрылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү окуяны ырастады.

Белгилүү болгондой, жол транспорт кырсыгы 12-октябрь күнү саат 12лер чамасында сөз болуп жаткан унаа жолдун Базар-Коргон шаарындагы жол тилкесинде орун алган.

Ноокен жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери Айчүрөк Досумбетованын айтымында, тез жардам унаасы төрөттөн кийинки келинди Жалал-Абадка бейтапканага алып бара жаткан.

«Биздин бейтапканын төрөтканасынан көз жарган келинди тез жардам менен Жалал-Абадка жеткирип бара жатканбыз. Унаанын ичинде айдоочу, акушер-гинеколог жана көз жарган келин болгон. Мендеги маалыматта, тез жардам унаасы «Hyundai Porter» унаасы менен сүзүшүп кетиптир. Биздин кызматкер жана аял жеңил жараат алышкан. Ушул тапта тергөө амалдары жүрүп жатат», — дейт башкы дарыгер.

Жараат алгандар Базар-Коргон аймактык бейтапканасына кайрылып, «Hyundai Porter’дин» 30 жаштагы айдоочусу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️