Пример HTML-страницы

Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда эки унаа сүзүшүп, бир нече адам ооруканага жеткирилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 1-июль күнү Токмок шаарына жакын жерде жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

«Жабыркагандар бар. Кырсык каттталган соң жол тыгыны пайда болгон», — дешти алар.

Чүй ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы кырсыкты тактап,

Кырсык 2024-жылдын 1-июль күнү саат 14:20 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунун 57-чакырымында катталган.

Анда «Хендай Грандер» үлгүсүндөгү унаасы жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү унаасы жолдун атайын кайрылма жеринен кайрылып жатканда артынан сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 2 жүргүнчүсү ар кандай жарактарды алып, Ысык-Ата районунун ооруканасына тез жардам кызматынын унаасы менен жеткирилген.

Ал эми Ысык-Ата райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунан билдиришкендей, бул кырсыктан Б.О. аттуу бир жаран кайрылган.

«Азыркы учурда жандандыруу бөлүмүндө. Абалы орто оор», — деп айтылат маалыматта.

  • Өздүк булактардын маалыматы караганда, жабыркаган адам актер Бусурманкул Одуракаев.

Ооруканын маалыматы боюнча, 1950-жылы туулган Т.Б. жана 1983-жылы туулган Ж.Ж. аттуу адамдар тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE