Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда бир нече унаа кагышып, 5 адам жабыркады. Арасында кош бойлуу аял бар

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда бир нече унаа кагышып, 5 адам ооруканага жеткирилди.

Күбөлөр Turmush басылмасына билдиргендей, окуя кечээ, 28-сентябрда саат 20:00 чамасында унаа жолдун Токмок шаарындагы тилкесинде болгон.

Ал эми Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунан билдиришкендей, жабыркаган 5 адамдын абалы туруктуу.

Жабыркагандар:

1) Жайыл районунун 2022-жылы туулган тургуну А.А. (эркек бала), жандандыруу бөлүмүндө;

Пример HTML-страницы

2) Бишкек шаарынын 1980-жылы туулган тургуну Т.Г. (аял киши), травматология бөлүмүндө;

3) Бишкек шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Т.Г. (аял киши), травматология бөлүмүндө;

4) Жайыл районунун 1983-жылы туулган тургуну Т.Ж. (кош бойлуу аял), травматология бөлүмүндө;

5) Бишкек шаарынын 2004-жылы туулган тургуну Р.Н. (аял киши), тавматология бөлүмүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️