Бишкек—Нарын—Торугарт жолу бир тараптуу ачылды

Turmush19-мартта болжол менен саат 12:00дөн тарта Бишкек—Нарын—Торугарт жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, учурда унаа жолду кеңейтүү иштери аткарылууда. Ал эми Нарын тарабына түшкөн көчкүнүн 32 300 куб метр көлөмү тазаланды.

12 погрузчик, 1 кар түртүүчү унаасы, 3 экскаватор тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, Долон ашуусунун 296-чакырымына 900 миң, 294-чакырымына 25 миң метр куб өлчөмдө кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен жол жабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️