Бишкек—Кара-Балта жолунда жеңил унаа оодарылып кетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында жеңи унаа оодарылып жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, оодарылып жаткан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны Бишкек—Кара-Балта унаа жолунан көрүүгө болот. Окуя, бүгүн 27-сентябрь күнү болгон.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, 2024-жылы 27-сентябрь күнү болжол менен саат 11:30 чамаларында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып, Бишкек—Чалдабар унаа жолунун 14-чакырымынан артка бурулуп, рулга ээ боло албай жолдон чыгып, опдарылып кеткен.

Жол кырсыгынан материалдык зыян келтирилди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️