Биринин артынан экинчиси өмүрүн кыйган өспүрүм кыз-жигит. Алардын өлүмүнө эмне себеп болгон?

TurmushКыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйган фактылар көп катталууда. ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү өткөн 2021-жылы Кыргызстанда 88 өспүрүм өз жанын кыйганын билдирген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2022-жылдан бери эки ай ичинде Ош шаарында 7-класстын 3 окуучусу өз жанын кыйганын маалымдады.

Мындай каргашалуу окуя 4 жыл мурда Тумар Эрматованын (аты-жөнү өзгөртүлдү) жакындарынын үй-бүлөсүндө да катталган. Анын айтымында, бир тууган сиңдисинин 9-класста окуган кызы асынып алган. Андан көп өткөй анын курбу кызы да өз жанын кыйган.

«Мындан төрт жыл мурда бир тууган сиңдимдин 9-класста окуган кызы өз жанын кыйган. Апасы Россияда эле. Атасы Кыргызстанда үй салып жүргөн. Кыз таята менен таенесинин колунда чоңойгон болчу. Эмне болгонгун билбей да калдык. Короосундагы жаңы салынып жаткан үйдүн чатырындагы тактайга асынып алыптыр. Андан 10 күн өтпөй курбусу дагы асынып өлгөн. Ушул убакка чейин эмне себеп болгонун эч ким билбей калган. Мындай терс көрүнүштөргө айрым учурда миграциянын да таасири чоң деп эсептейм. Балким ата-энеси жанында болгондо, мындай кадамга барбайт беле, ким билсин», — деди Эрматова.

2022-жылдын 17-мартында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштаган 7-класстын эки окуучу кызы курбулар болгон. Алар бир мектепте, бир класста окуган. Бирөө окуя болгон жерде каза болуп, бирөө оор абалда Ош облустар аралык балдар ооруканасында жатат. Ага чейин бир ай мурда алардын бир классташ баласы да көп кабаттуу үйдүн чатыранын боюн таштаган болчу.

Мындай терс көрүштөрдү коомчулук түрдүү сыпаттап жатат. Айрымдар акыркы учурда өспүрүмдөрдүн суидцидге көп барышына алардын социалдык-экономикалык абалы себеп десе, эксперттер, психологдор мындай окуяларга 90 пайыз ал үй-бүлөдөгү психологиялык-моралдык абалдын ролу чоң экенин айтышат.

Пример HTML-страницы

Психолог Дөөлөткан Кабыкованын айтымында, 2022-жылдын башынан бери анын кабылдамасына өз жанын кыюуга аракет кылып, бирок, максатына жетпей калган 5-6 өспүрүм келген. Алардын көпчүлүгүнүн үй-бүлөдө ата-энелеринин мамилелери жаман болгонун айтышкан.

«Суицидге аракет кылып, аягына жете албай калган балдарды көп жолу алып келишти. Быйыл жыл башынан бери суицидге аракет кылган 5-6 өспүрүм келди. Мен психолог катары бир нерсени жакшы түшүндүм. Өспүрүмдөр арасында суицидге 90 пайыз ошол үй-булөдөгү абал себеп болот экен. Үй-бүлөдөгү абал дегенде материалдык жетишпегендик деп түшүнүшөт. Андай эмес. Үй-бүлөдөгү психологиялык-моралдык абалдын ролу аябай чоң. Суицид жасаган балдардын ата-энелери миграцияда жүрөт деп айтып калышат. Мага алып келген балдардын ичинде ата-энеси жанында кошо жашагандар. Ата-энелери тирүү туруп, алардан мээрим көрбөгөн, мээрим көрбөй, жан-дүйнөсү жарты болуп калган балдардын ичинде суидцид көп болот экен. Ата-энелеринин мамилелери жаман болгону ал балдарга терс таасир эткен. Акыркы окуялардагы окуучу балдар толук кандуу үй-булөлөрдүн балдары болуп жатпайбы», — Д.Кабыкова.

Балдары суицидге аракет кылган балдардын ата-энелери да психологдордун кабылдамасында болушат. Бирок көп учурда ата-энелер өздөрүнөн айып издегиси келбейт. Дөөлөткан Кабыкованын айтымында, алар балдарын материалдык жактан камсыз кылып жатканы менен психологиялык-моралдык жактан көңүл бурбай жатканын баамдашпайт.

«Ата-энелер менен сүйлөшкөндө алар актанышат. «Биз булардын курсагын тойгозолу деп жакшы мектепте окутканга, жакшы кийинткенге аракет кылып жатпайбызбы» дешет. Бирок баланын жан дүйнөсү тамак-аш менен тойбойт да. Жан-дүйнө ишенимге, сүйүүгө, жакшы сөзгө муктаж. Жакында өзүн боюн таштаган 13 жаштагы окуучу өлүмүнө бүткүл коомчулукту да күнөөлөйм. Бала өлгөндөн кийин классташ кызын коомчулук күнөөлөп жатканын баары укту да. Кантип кыздын ата-энеси укпай калды? Ошол күндөн кызды этиятташ керек болчу. Керек болсо жок дегенде кызды 2-3 айга башка жака алып кетиш керек эле. Психологго алып барыш керек болчу. Макул ата-энеси андайды түшүнбөй калды, мекетептегилерчи? Класс жетекчиси өздөрүнүн колунан келбесе психологдого алып барып, психологдорду чакырып ошол класска лекция өтүш керек эле. Аны кылышкан жок го. Акырында каргашалуу окуя менен аяктады. Эч ким жоопкерчиликти моюнга алгысы келбейт», — деди Кабыкова.

Ош шаарынын тургуну Аида Бакированын (аты-жөнү өзгөртүлдү) мектеп курагында эки баласы бар. Ал балдарын мындай коомго кептелгенине кабатыр. Анын айтымында, суицидге байланышкан же акыркы коомдо катталып жаткан терс көрүнүштөр жөнүндө мектептерде чогулуш, лекциялар өткөрүлөт. Бирок алар жеткиликтүү эмес экенин айтат.

«Мындай окуялар байма-бай катталып турган учурда ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмдөрү, балдар психологдору, мугалимдер активдүү, тыгыз иш алып барыш керек. Албетте мектептерде мындай окуя катталып жатканына кабатыр болобуз. Чынын айтыш керек агрессивдүү коомго калдык. Балдарга баладай мимиле жок, чоңдорго сый жок. Бири-бирибиздин абалыбызга кайдыгербиз. Бул нерсеге мамлекеттик деңгээлде көңул бурулбаса болбой калды. Азыр муну токтотпосок, өспүрүмдөр арасында суицид дагы көп каттала бериши мүмкүн», — деди А.Бакирова.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, Ош ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү акыркы окуяларга байланыштуу окуучулар арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте өтүп жатат. Ал мамлекеттик мектептерде психологдлордун жоктугу көйгөй болуп жатканын айтат.

«Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлерине көп көңүл бөлүнүп жатат. Бирок Ош шаарында психолдогдорду табуу көйгөй болууда. Бизде балдардын көйгөйүн түшүнгөн тандалуу гана психологдор бар экен. Жеке мектептерде гана психологдор бар. Ал эми мамлекеттик мекептерде психологдор жокко эсе. Азыр окуучуларга дем алыш болгондуктан, ата-энелерди чакырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди З.Сыдыков.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2015-жылдын күзүндө «Балдар үчүн ишеним телефону — 111» борборун ишке киргизген. Бул борборго ар кандай көйгөйлөргө туш болгон балдар кайрылса болот.

Айрым интернет булактардагы ачык маалыматтарга ылайык, Борбор Азияда суицид боюнча Казакстан 1-орунда, андан кийинки орундарда Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️