Пример HTML-страницы

Бир жылда Жалал-Абад облусунда 12 адам сууга чөгүп каза болгон. Ноокенде эскертүү тактайчалары орнотулууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда милиция кызматкерлери жана куткаруучулар сууга түшүүчү жайларга эскертме тактайларын илип жатат. Бул тууралуу Сакалды аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Замирбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта балдардын сууга түшүү сезону башталды.

«Мектеп окуучулары каникулга тарап, айылдарда талаа жумуштары да башталгандыктан балдар бош убактысын сыртта, үйүнөн алыс өткөрүшөт. Күн ысыгандыктан сууга түшүү сезону да башталды. Былтыркы жылы айыл аймакта мектеп курагындагы бир бала сууга чөгүп каза болгон окуя орун алган. Быйыл да мындай каргаша орун албашы үчүн Э.Алиев айыл аймагы аркылуу агып өткөн эки каналдын жээктерине жана балдар сууга түшкөн жерлерге эскертме тактайларын илип, балдарга түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз. Аны менен катар ата-энелерге да балдарын көзөмөлдөп туруусу зарыл экенин эскертип кетким келет» ,- деди Сулайманов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери 2 киши сууга чөгүп каза болсо, анын бири өспүрүм. Ал эми 2023-жылы облуста 12 адам сууга чөгүп көз жумган. Алардын сегизи 14 жашка чейинки балдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE