Пример HTML-страницы

Бир жылда 5 бала сууга чөгүп каза болгон. Айтматов районунда эскертүү тактайчалары орнотулууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас облусунун Айтматов районундагы Киров суу сактагычынын айланасына эскертүү тактайчаларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Киров суу сактагычынын сууга түшүүгө кооптуу участокторуна, көлмөлөрдүн айланасына эскертүү тактайчаларын орнотту.

«Милиция суу кырсыктарынын алдын алуу максатында мындан ары дагы профилактикалык жумуштарды улантат. Аптаптуу күндөрү жаш балдарды кароосуз калтырбай, алардын кайда жүргөндүгүн тынымсыз көзөмөлдөп, түрдүү кырсыктарга бөгөт коюуда биргелешип иштөөгө чакырат.

Айтматов районунун аймагына 11 жерге эскертүү тактайчалары орнотулуп, астына цемент куюлуп, катуу шамалга туруштук берүүгө ыңгайлаштырылды», — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы облус боюнча 5 бала сууга чөгүп каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE