Пример HTML-страницы

Бир жигит өмүр бою камалып, экинчиси 10 жылга кесилди

Акыркы жанылыктар

Turmush2022-жылдын сентябрь айында Кадамжай районунда каза болгон 9-класстын окуучусу Айдай Кочкораванын өлүмү боюнча айыпталган жигиттердин бири 10 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Баткен облустук сотунун маалыматына караганда, тиешелүү чечимди Баткен облусунун Кадамжай райондук соту 2023-жылы 7-февралда кабыл алган.

Айыпталуучу Б. уулу Э. бир нече берене менен күнөөлүү деп табылган:

— КР Кымыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү);

— Кымыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 2-бөлүгү (зордуктоо);

— Кымыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүгү (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер);

— Кымыш-жаза кодексинин 165-берененин 2-бөлүгү (адамды уурдоо).

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 108-беренесинин 3-бөлүгүнүн (балага дайындалуучу эркиндигинен ажыратуу, кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоодо эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтү 10 жылдан ашпоого тийиш) негизинде биротоло 10 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Экинчи айыпталуучуга карата чыккан өкүм:

Ошондой эле Кадамжай райондук сотунун 2023-жылдын 28-февралындагы өкүмү менен айыпталуучу Д.Г. бир нече берене менен күнөөлүү деп табылды.

— Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү (адамды уурдоо) ;

— Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүгү (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон зордуктоо);

— Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 3-бөлүгү (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер);

— Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү);

— Кылмыш-жаза кодексинин 180-беренесинин 3-бөлүгү (баланы кылмыш жасоого тартуу).

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылды.

  • Өмүр бою эркиндигинен ажыратылган Д.Г.нын апасы, достору Turmush басылмасына кылмыш болгон күнү ал досунун үйүндө курулуш ишине жардам берип жүргөнүн, унаасын кылмышка шектүүлөрдүн бири, маркум М.Ш.га берип койгонун белгилеп, анын бул ишке катышы жок экенин айтып беришкен.

Окуя тууралуу:

4-сентябрда Кадамжай районунда 9-класстын окуучусу зордукталып, киши колдуу болуп көз жумганы кабарланган.

4-сентябрда Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош—Раззаков унаа жолунун 146-чакырымында өзүнүн малын багып жүрүп, сел өтүүчү тоннелдин ичинде белгисиз кыздын жансыз денеси жатканын көрүп, «112» кызматына кабар берген. Окуя болгон жерди кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз кыздын жансыз денеси табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну — 2008-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган.

  • Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алсыз абалдагы адамды же баланы өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын (мурдагы Халмион) тургундары — 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А. уулу С., андан кийин 11-класстын окуучусу кармалган.

  • Айдайдын ата-энеси Москвада иштеп жүрүшкөн. Кыз таенесинин колунда жүргөн. Ата-энеси бул иш боюнча катуу жаза колдонулушу керектигин айтышкан.

Кийинчерээк Айдай Кочкорованын өлүмүнө шектелип кармалган 4 жигит 2 айга камакка алынганы белгилүү болгон.

  • Кылмыш иш боюнча 4 адамга айып тагылып, иштин материалдары Кадамжай райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн. 3 айыпталуучу соттун чечими менен Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесине, төртүнчү айыпталуучу — өспүрүм бала Жалал-Абад шаарындагы СИЗО-53 мекемесине которулган.

Абакта кыйылган өмүрлөр:

2022-жылдын 4-декабрында Айдайдын өлүмүнө шектелип кармалган 2 жигит Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесинде өз өмүрүн кыйганы белгилүү болгон. Айыпталуучу А. уулу С.нын апасы К.М. уулу буга чейин жактоочуну алмаштырып, Ош шаарынан жактоочу жалдоону суранып, кат жөнөткөнүн билдирген. Абакта каза болгон 2 жигит 4-декабрда өздөрүнүн айылында жерге берилген. Алар айылдаш болушкан.

Каза болгондор:

— 1997-жылы туулган М.Ш.

— 1998-жылы туулган А. уулу С.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE