Бир учурда дароо 3 баланы жарыкка алып келген кыргызстандык энелер

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстанда ушул жылы жыл башталары менен 2-январында Бишкек шаарында 3 эм жарыкка келген. Turmush басылмасы жыл башынан бери Кыргызстанда төрөлгөн 3 эм балдар тууралуу жарык көргөн макалаларды топтоду.

  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев мамлекет тарабынан төрттөн он балага чейин төрөгөн энелерге бир жолку акчалай төлөм берилерин жарыялады.

—————————————————————-

2024-жылы 2-январда эң алгачкы 3 эм төрөлгөн.

Бишкекте жаңы жылдын башында төрөлгөн 3 эм үйүнө чыгарылды. 36 жаштагы Анаргүл Камчыбек кызы 2-январь күнү 3 кызды операция жолу менен жарыкка алып келген. Ымыркайлардын салмагы — 2,1 кг, 2,3 кг жана 2,1 кг.

Пример HTML-страницы

Анаргүл Камчыбек кызы буга чейин 3 баланын апасы болчу. Эми 6 баланы тарбиялап жатышат.

«3 эм экенин жетинчи жумада билдик. Ошондон баштап дарыгердин көзөмөлүндө болдум. Төрөт жеңил эле, жакшы болду. Дарыгерлер жакшы карашты. Дарыгерлердин баарына ыраазычылыгымды билдирем», — деди А.Камчыбек кызы.

Кош бойлуу учурунда ара төрөө коркунучу менен дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турганын Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова билдирди.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 2 кыз, 1 уул;

Апасы: Айсана Султанова;

Күнү: 07.03.24.

Ош шаарында 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башчысы Асылкан Асанова билдирди.

Анын айтымында, 3 эм — 2 кыз жана 1 уул 2024-жылдын 7-мартында төрөлгөн. Аларды Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну Айсана Султанова жарыкка алып келди. Биринчи кыз бала 2 кг 630 гр, андан кийинки уул бала 1 кг 775,3 гр, кыз бала 1 кг 910 гр салмакта төрөлдү.

Бул Айсана Султанованын төртүнчү төрөтү. Үчүнчү төрөтүндө эгиз уулдары жарыкка алып келген. Ал жалпы 7 балалуу болду.

Үч эмдин апасы — 37 жаштагы Айсана Султановага Ош шаардык мэриясы тарабынан 50 миң сом берилди.

Ымыркайлардын атасы Гүлжигит Каимов кубанычы менен бөлүшүп: «7-мартта келинчегим үч эм төрөдү. Буга чейин бизде төрт уул бар болчу. Арасында эгиз уулдарым бар. Эми 5 уул, 2 кыздуу болуп турам. Өзүбүз дагы 4 уулдан кийин кыз болсо экен деп жүрдүк эле. Кудайым бизге 2 кыз, 1 уулду насип кылды. Сезимдеримде чек жок, абдан кубанып турам. Уул-кыздарым келечекте кыргыз элинин керегине жараган перзенттерден болсун деп тилейм. Үч эмдин аттарын апасы экөөбүз Мүрөк, Айдар, Мөлтүр деп койдук», — деди.

Ош облустар аралык төрөт станционарынын башчысы Асылкан Асанованын айтымында, ымыркайлар операция (кесарево сечение) аркылуу төрөлдү.

«Бизге 1-март күнү 34 жумалык кош бойлуу келин эрте төрөө коркунучу менен келген. Балдарды операция жолу менен төрөтүп, аларга медициналык жардам көрсөттүк. Төрөт операция жолу менен болуп, бир саатка созулду. Балдар убагынан эрте төрөлгөндүгү үчүн аларды жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Дарыгерлер көзөмөлдөп, жардам көрсөттүк. Үч эм төрөгөн энеге облустук оорукананын башчысы тарабынан атайын коляска белекке берилди», — деди Асанова.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 2 уул, 1 кыз.

Апасы: Фотима Исматова;

Күнү: 08.03.24.

30 жаштагы Фотима Исматова 3 эмди жарыкка алып келди. 7 баланын энеси болгон шаар тургуну 8-март күнү облустук төрөт үйүндө көз жарган. Ушул тапта балдар облустук балдар бейтапканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө жатат. Анткени балдар айына жетпей төрөлүшкөн.

«8-март күнү облустук төрөт үйүндө операция жолу менен көз жардым. Бул менин бешинчи төрөтүм. Ымыркайлар 3 эм экенин кош бойлуулуктун 2-айында УЗИден билгем. Бирок алардын жынысын билчү эмесмин. 3 эмдин улуусу Ахмет, анын салмагы 1 кг 900 гр. Кийинкиси Мустафа, ал 1 кг 500 гр. Кенжеси кыз, ага Осиё деген ысым ыйгардык. Анын салмагы 1 кг 700 гр болду. Балдарым кош бойлуулуктун 34 апталыгында, тактап айтканда 8-айдан 9-айга өтүп жатканда төрөлдү. Мындан улам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатты. Өткөн апта төрөт үйүнөн чыкканда эле кайра облустук балдар ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө жаткырылдык. Ушул тапта балдарды зонд менен азыктандырып жатабыз. Буга чейин айткандай, бул менин бешинчи төрөтүм. Тактап айтканда, 3 эмден улуу 4 балам бар. Алардын улуусу 10, кийинкилери 8, 6 жана 2,5 жашта», — деди 3 эмдин энеси.

Фотима айым өзү эгиздин түгөйү экенин айтып, өзүнөн улуу агасынын да эгиз перзенттери бар экенин кошумчалады. Ал 3 эмди жарык дүйнөгө алып келгенин генинде эгиздер бар экени менен байланыштырды.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 3 уул;

Күнү: 19.04.24.

Ош шаарында жашаган жубайлар 3 эмдүү болду. Ымыркайлар 2024-жылдын 19-апрелинде жарыкка келди.

Алардын атасы — Ички иштер министрлигинин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын майору Мырзабек Тороев.

Ымыркайларга Амантай, Эртай, Эсентай ысымдары ыйгарылды.

Кийинчерээк Мырзабек Тороев Тurmush басылмасына билдиргендей, бүгүнкү күндө эне жана балдардын абалы жакшы. Жубайы менен балдары Бишкек шаарындагы төрөтканада. Наристелерге кырк күн болгондо Ош шаарына келишет.

35 жаштагы эне балдарды операция жолу менен жарыкка алып келди. Ымыркайлар 1 кг 930 гр, 2 кг 660 гр, 2 кг 230 гр салмакта 11-13 мүнөт аралыкта төрөлдү.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 3 кыз;

Күнү: 05.05.24.

15-майда Ош облустук төрөт үйүндө 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына төрөт үйүнүн жетекчиси Асылкан Асанова билдирди.

Анын айтымында, бул 29 жаштагы эненин биринчи төрөтү, ал Баткен облусунан келген. «13-май күнү Баткен облусунун Бужум айылынын 29 жаштагы тургуну төрөө үчүн келип түштү. Анын биринчи төрөтү. Ал ымыркайларды операция жолу менен төрөдү», — деди Асанова. Үч эм кыздардын салмагы: 2 кг, 1 кг 780 грамм жана 1 кг 720 грамм.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 3 кыз;

Апасы: Жолболду кызы Айзирек;

Күнү: 15.05.24.

Баткен районунун Бужум айылынын 29 жаштагы тургуну Жолболду кызы Айзирек кечээ, 15-май күнү 3 эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айзирек айымдын өзүнүн айтымында, бул биринчи төрөтү.

«13-май күнү Ош облустук төрөт үйүнө келдик. 15-май күнү 3 кызды төрөдүм. Операция жолу менен төрөгөндүктөн, азырынча кыздарымды көрө элекмин. Аябай толкунданып турабыз. Биринчи жолу 2 жумалыгында УЗИге түшсөм эгиз деп айтышкан. 1 айдан кийин түшсөм 3 эм деп айтышты. Жолдошума чалып айтсам «ар түшкөндө кошо бересиңби?» деп күлгөн.

Жолдошумдун атасынын бир туугандарында эгиздер бар. Буга чейин Баткенде медициналык көзөмөлдө жүрдүк. Төрөткө жакын шишик болуп, патологияга жаткам», — деди ал.

Айзирек айым Баткендеги телеканалардын биринде адис болуп иштейт. Жолдошу Урайым уулу Жаңыбай 33 жашта, милиция кызматкери.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 3 кыз;

Апасы: Элмира Абдыкалыкова;

Күнү: 19.06.24.

Баткен шаарындагы жубайлар 19-июнда 3 эм кыздуу болушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шаардын Чет-Булак аймактык башкармалыгында жашаган жубайлар Каримберди уулу Нурсултанбек менен Элмира Абдыкалыковага 1-июлда кыздарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кошо 3 коляска белек кылынды. Кыздарга Мариям, Муслима жана Малика деген ысымдар ыйгарылган.

Жубайлар буга чейин бир кыздын ата-энеси болушкан.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 2 кыз, 1 уул;

Апасы: Чолпон Садырали кызы;

Күнү: 19.09.24.

Ош шаарында 3 эм төрөлдү. Алар 2024-жылдын 19-сентябрында жарыкка келгенин Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ымыркайлар апасы менен кошо 1-октябрда төрөт үйүнөн чыгарылат. Алардын чоң энеси Айнура Мусаева балдардын жана келининин абалы жакшы экенин айтат.

«Келиним 33 жашта. Үч эмге чейин 2 кызы бар эле. Азыр бир уул, эки кызды жарык дүйнөгө алып келди. Аларга Алинур, Айлин, Аманда деген ысымдар берилди. Уулу 1 кг 800 гр, кыздары 1 кг 900 гр салмакта төрөлүштү. Балам курулушта иштеп, келиним үйдө отурат, экөө батирде жашашчу. Албетте, неберелеримдин төрөлгөнүнө абдан кубанычтамын, бирок балдардын келечеги да ойлонтуп турат. Беш бала менен кайда барышат деген ой менен турам», — дейт Айнура Мусаева.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн энени куттуктаганы эч ким келбегенин кошумчалады.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 2 уул, 1 кыз;

Апасы: Нуриза Алмазбек кызы;

Күнү: 12.10.24.

Оштогу №36806 аскер бөлүгүнүн кызматкери, сержант Дастан уулу Мирлан келинчеги Алмазбек кызы Нуриза менен үч эмдүү болушту. Бул тууралуу аталган аскер бөлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Сержант Дастан уулу Мирлан 26 жашта. Ал 2017-2018-жылдары №36806 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Кийин ошол эле аскер бөлүктө 7 жылдан бери кызматын улантып келет.

«Ал 2020-жылы жубайы Алмазбек кызы Нуриза (медайым болуп эмгектенет) менен баш кошуп, 2021-жылы уулдуу болуп, атын Аманбай коюшкан. 2024-жылдын 12-октябрында 2 уул жана 1 кыздуу болушту. Үч эмдин аттарын Асел, Атай жана Бакай коюшкан», — деп айтылат маалыматта.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 3 кыз;

Апасы: Алтынай Майрамбекова;

Күнү: 25.10.24.

Нарын шаарында 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эне менен балдардын абалы туруктуу. Нарын шаарынын тургуну Алтынай Майрамбекова операция жолу менен 3 эм кызды жарыкка алып келди.

Маалым болгондой, аларга Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар коюлду.

Наристелерди жарыкка алып келген Нарын шаарынын тургуну Алтынай Майрамбекованы Нарын шаарынын мэри куттуктап, гүл жана 30 миң сомдук сертификат жана төрөттү кабыл алган дарыгерге да белегин тапшырды.

—————————————————————-

Балдардын жынысы: 3 кыз;

Апасы: Айжаркын Бакытбек кызы;

Күнү: 27.10.24.

Ош облусунун Кара-Суу райондук төрөт үйүндө 3 эм кыз төрөлдү. Бул тууралуу аталган төрөтканадан билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү 1991-жылы туулган Жоош айыл аймагына караган Питомник тилкесинин тургуну Айжаркын Бакытбек кызы 3 эм кызды жарык дүйнөгө алып келген.

Аларга Күнсулуу, Нурсулуу, Таңсулуу деген ысым ыйгарышты.

Ымыркайлардын салмагы:

биринчи кыз — 2 кг 460 гр;

экинчи кыз — 2 кг 440 гр;

үчүнчү кыз — 1 кг 700 гр.

Төрөт үйүнүн дарыгерлери эне жана ымыркайлардын абалы жакшы экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️