Бир кезде кол өнөрчүлүк кылган Ажар Бабиева өз заманын сөз кылды

TurmushАт-Башы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылынын 97 жаштагы тургуну Ажар Бабиева менен аймактык кабарчы таанышты.

Ажар апа 1925-жылы Ат-Башы районунда туулган, үй-бүлөдө жалгыз кыз, таене-таятасынын колунда өскөн. 20 жашында Дыйкан айылына келин болуп, 5 балалуу болууга жетишкен.

Каарманыбыз 2014-жылы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан «Сарамжалдуу айым» наамы менен сыйланган. Жаш кезинде кол өнөрчүлүк менен алектенип, шырдактын түрүн жасап, жип ийрип, түймө түйүп, сайма сайган. Азыр жашы 100гө таяп калса дагы кыбырап оокат кылып, мал жайлайт. Мындан тышкары 5 маал намаз окуп, Куран китептерди барактайт. Алдыда ажылыкка баруу максаты бар.

«Карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келдим. Бир тууганымдарым жок, жалгызмын. Энем ооруп калып, таене-таятамдын колунда чоңойдум. 20 жашымда турмушка чыктым. Биздин заманда талаада чөп чаап, чөмөлө салып, орок оруп, машак терчүбүз.

Азыр эң кичүү балам менен турам. Эң улуу кызым — Масипа мугалим. Ал эми балдардын улуусу Алымбек. Райондо мал чарба менен алек. Экинчи уулум Бексултан Токмок шаарында курулуш иштери менен алек. Үчүнчүсү Алмамбет Бишкек шаарында айдоочу, төртүнчү балам Адылбек мал чарба менен алектенет. Кудайга шүгүр балдарымдын баары ыймандуу, билимдүү болуп өсүштү», — деди ал.

Анын 9 небереси бар.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️