Пример HTML-страницы

Бир катар өнөрдү өздөштүргөн Айчүрөк Тынчтыкбекова заман талабына ылайык буюмдарды жасоо менен алек

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Айчүрөк Тынчтыкбекова бир катар өнөрдү өздөштүрүп, учурда кыргыздын этно стилин өнүктүрүү менен алек. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Тынчтыкбекова Айчүрөк Тынчтыкбековна 1993-жылы 29-декабрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган.

2017-жылы Алмаз Жаналиев аттуу жигит менен баш кошуп, 2 уулдун ата-энеси болушкан. Жубайлар Бишкек шаарында жашап, акыркы 2 жылдан бери жолдошунун кичи мекени Каракол шаарына келип, көл жергесинде жашап жатышат.

Каарманыбыз 6 жылдан бери тикмечилик менен алектенип, улуттук баш кийим болгон такыяны тигип жатат.

«Бул баш кийимдердин өзгөчөлүгү — улуу, орто жана жаш муундар кие алышат. Абдан ыңгайлуу жана ысытпайт. Ар кандай түстөгү жана түрдөгү кездемелерден жасалат. Мончоктор, кооз таштар, шурулар жана кыргыз этно күмүш сыргалары менен кооздолот. Т

Такыяны тигип калуумдун бирден-бир себеби — кыргыз улуттук этно стилин кайрадан жаңылап чыгуу болду. Кыргыз этно стилин өз өлкөбүздө саркеч кийимге айлантып, баалап-барктап кийсек деген ой-максатта эжем экөөбүз чакан үй-бүлөлүк бизнесин баштадык.

Тигүү ыкмасы — эң жөнөкөй, үйрөнүүнү каалаган кардарларга бир көрсөтүп койсок эле, дароо өздөштүрүп кетишет. Болгону жакшы маанай жана кызыгуу керек», — дейт ал.

Анын айтымында, такыяны тигүүгө түрдүү кездемелер, күмүш сырга, мончоктор, фетр кездемеси менен жиптер керектелет.

«Такыянын негизги бөлүгүн фетр кездемеси менен жасайбыз. Кирдеп калган учурда сууга каалашынча жууса болот. Буга чейин такыянын негизги бөлүгүн картон кагаздарынан жасап келишкен, мындан улам аны жууй алышпайт эле. Азыр абдан ыңгайлуу, бырышпайт дагы.

Кардарлардын көбү «бул такыя өзбектердикиби?» деп сурап калышат. Өзбектердин топусу төрт бурчтук формада болсо, кыргыз жана казактарда тегерек формада болот. Учурда бул өзгөчө баш кийимге кызыккандардын саны арбыды. Бул такыя менен чогуу кийгенге белдемчи жана костюмдарды да тигебиз. Такыялардын баасы 500-1500 сомго чейин», — дейт ал.

Айчүрөк айым ар бир адамды жакындары колдоп турса, ийгиликке жетише аларын айтат.

«Мага баарынан да дем-күч жана шык берген жолдошум жана балдарым. Алардын бар экенине Кудайга шүгүрлөрдү келтирем. Ишимде бир нерсе жакпай, келтире албай жаткан учурларда жолдошум жаныма келип, «сенин колуңдан келет, сен жасай аласың» деп маанайымды көтөрүп, шык берип турат. Балдарым дагы ар бир жасаган ишимди «апа, абдан кооз болуптур, сиз мыктысыз» деп турушат. Муну менен катар кардарларымдын мактоолору жана ыраазычылыктары да алдыга умтулууга түрткү берет», — дейт ал.

Ал кесиби боюнча сүрөт сабагынан мугалим болгондуктан айланадагы кооздуктарды дайым сүрөт кылып тартып келет. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жасаган эмгектерин эл алдына алып чыккан.

«Кол өнөрчүлүктүн резин-арт (Resin Art) түрү менен да алектенем. Ар кандай түстөгү эпоксиддик чайырлар жана кошулмалардан сааттарды, сүрөттөрдү жана идиштерди жасайм. Аны менен катар жаңы төрөлгөн ымыркайлай үчүн төшөнчүлөрдү тигип, айымдар үчүн түркүн жиптерден баштыктарды токуймун.

Жакындарыбыздын туулган күнүндө өз колум менен торт жасайм. Аларга «сюрприз» болсун деп көргөзбөй бышырып коюп, анан күтүүсүз белек кылам. Негизи тортторду табитине жараша кооздоп, пайдалуу таттуулар менен жасаганды жактырам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE