Пример HTML-страницы

Бир баш коюн «Хендай Портер» унаасына алмашкан Фарид Чикеевдин чарбасы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын тургуну Фарид Чикеев 2005-жылдан бери Арашан породасындагы койлорду багып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Каракол шаарында чоңоюп-өскөм. Ата-энем союз учурунда иштеп, ушул жакта жашап калышкан. Жайкы каникул учурунда Кочкор жергесиндеги чоң атама кетет элем. Чоң атам Арашан породасындагы кой бакчу. Мен бала кезимден эле мал-жандыкка жакын өстүм. Каникулга барганда козулар менен ойноп, койлорду багышчумун. Кийин жогорку окуу жайдан да билим алдым. Бирок өзүм сүйгөн фермердик кесипти аркаладым. 2005-жылы Арашан койлору анча тааныла элек кезде кармап баштадым. Койлордун салмагына кызыгып, сатып алгандар көбөйө баштады», — дейт ал.

Учурда Арашан породасындагы койлорго суроо-талап күчтү. Фермер издеп келгендер анын койлору менен катар ысымына да кызыгышат.

«Койду көбөйтүп, Теплоключенка айылынан кашар алып, бул жакка келдим. “Арашан койлорун баккан Фарид” деп кардарлар издеп келишет. Жаңыдан таанышып, өңүмдү көргөндөр “кыргыз элесиңби, атың эмне үчүн Фарид?” деп сурап калышат. Чынында кыргызда Фарид деген ат жок го. Менин таенемдин аты Фарида болгон экен. Мен төрөлгөндө, ал дүйнөдөн өтүптүр. Ошентип, таенемдин аты унутулбасын деп, анын ысымын кыскартып, Фарид деген ат коюшкан экен. Койлорума жана ысымыма кызыккандарга бул окуяны айтып берип калам», — дейт фермер.

Каарманыбыз Арашан породасындагы койлордун өзгөчөлүн айтып берди.

«Алардын башка койлордон артыкчылыгы — жайы-кышы жайытта жүргөнгө ыңгайлашкан. Көлөмдүү, салмагы аябай чоң. Негизинен Арашан койлору куйрук жана эт багытында деп эсептелет. Ошондой эле өтө көтөрүмдүү, ысык-суукта бирдей жүрөт. Кыргызстан боюнча өткөн көргөзмөлөрдө Арашан койлору 190-200 килограммга чейинки салмакта болсо, козулары 120 килограммга жетип жатат. Өзгөчө эмгекти талап кылбайт. Бирок эт алыш үчүн, салмак кошуш үчүн жөнөкөй койлорго караганда көбүрөөк жем беребиз. Мисалы, жөнөкөй кой 500 грамм жем жесе, Арашан кою 700 грамм жейт. Бул жерде жөнөкөй койдон 40-45 килограмм таза эт чыкса, Арашан кою 100 килограммга чейин таза эт берет деген кеп», — дейт ал.

Ф.Чикеев багып жаткан койлор кирешелүү булактын бири.

«2019-жылы өткөн сынакта «Бурый» деген күрөң түстөгү Арашан коюм сымбаттуулугу боюнча 1-орунду алган. Негизинен кой-кочкорлорду сат деп Өзбекстандан бери келишет. Азыркы тапта короодо Арашан породасындагы кой, козудан 70 баш бар. 2019-жылы «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаага бир койду алмашкам. Андан бери кой сатпайм, козуларды гана сатам. Жакында эле төрт козуну 6,5 миң долларга саттым. Алган фермерлерге багуу сырын айтып берем», — дейт ал.

Фарид Чикеев үй-бүлөлүү, учурда үч кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE