Пример HTML-страницы

Бир ай бою издеген ууруну досунун үйүнөн тапкан инспекторго атасы Ирактын мурунку президентинин ысымын ыйгарган

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын аймактык улук инспектору Асылбек уулу Саддам көздөрү тааныш учураган ууруну бир ай бою издегенин унутпайт. Өзгөчө ысымдуу каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Саддам Асылбек уулу 1993-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында төрөлгөн. 2010-жылы Жаңы-Алыш орто мектебин аяктаган. 2015-жылы Эргеш Алиев атындагы ИИМдин академиясын бүтүргөн. Андан кийин Кемин РИИБде өспүрүмдөр менен иштөө инспектору болуп дайындалган. Кийин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү болуп иштеген. Азыркы учурда Кичи-Кемин айыл аймагында аймактык улук инспектор болуп иштеп жатат.

Саддам мырза үзүрлүү эмгегинин арты менен жергиликтүү бийликтин, ОИИБ, РИИБдин ардак баракчаларын алган. «Мыкты ИДН» аттуу медаль менен сыйланган. Ал иш учурундагы эсте калган окуясын айтып берди.

«2020-жылдары Чым-Коргон айылында аймактык тескөөчү болуп иштечүмүн. Ошондо бет капчан балдар дүкөнгө ууруга киришкен экен. Алар видеокамерага түшүп калыптыр. Атайын форма кийип, бир гана көздөрү ачык болгон. Мен эки кылмышкердин биринин сүрөтүн карап, көздөрү тааныштай болуп, бирок такыр эстей албай койдум. Бир ай бою айылдарды кыдырдым. Ошентип бир күнү отуруп, дос балама кылмышка шектүүнүн сүрөтүн көрсөттүм. Ал дароо тааныды. Көрсө анын үйүндө курулушта иштеп жүргөн бала экен. Мен болсо ошол дос баламдын үйүнөн көрүптүрмүн. Бирок, ким экенин билбей жаткам. Ошентип кылмышкерлерди колго түшүрдүк. Негизи кылмышкерлер же кылмышка жаңыдан кириптер болуп жаткандар кылган кылмышым билинбей калат деп ойлошот. Бирок «кыңыр иш кырк жылда дагы билинет» дегендей, бир күнү ошол кылмыштын бети ачылат», — деди ал.

Саддам мырза өзгөчө ысымы тууралуу да айтып берди: «Атам Ооган окуясына катышкан. Ошондо атымды Ирактын мурунку президенти Саддам Хусейндин ысымынан коем деген экен. Көп кишилер ысымыма кызыгып, сурап калышат», — деди ал.

Каарманыбыз үч бир туугандын ортончусу. Эжеси жана иниси бар. Ата-энеси элетте турушат, фермер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE