Пример HTML-страницы

Бир адамдын баштан өткөн баяны.

https://kyrgyzcha.site/?p=60002&preview=true Кызыктуу окуялар.

Негедир аз күндөгү убакыттан бери терезеге телмерген жаш келинге көзүм түшчү болду. Баштатан көрбөгөн экемин. Өзүмчө ойлоп койдум жаңы келген го деп. Анткени бир бөлмөдө эки -үч үй -бүлө жашачуубуз же беш ,алтыдан ары адам жашайбыз. Жаш, кары , аял ,эркек дебей бир бөлмөдө баш калкалап күн көрөбүз. Кеп башынан болсо, көпчүлүктүн агымы менен, иштеп үй салам ,бала багам деп башка өлкөдөн иш издеп ,карайлап чыгып кетип жатпайбызбы? Ошондой эле үмүт ,тилек менен Москва жергесине келип калгам. Алгачкы күндөрү кыйынчылык менен алышып эмне деген гана жумуштарды аткарбадым. Эчендеген күндөрүм сагыныч менен ыйлап ,кусалык менен томсоруп өттү. Эх ал күндөрдү эстесем дале карекке жаш келе түшөт. Акырындык менен өз өнөрүмө карап ишке жайгашып калдым. Көңүл тынып бир иште иштеп ,балдарыма акча салып калган убагым болучу. Канчалаган жылдардан бери жүргөндөнбү, шаардын ызы -чуусуна үйрөнүп калгам. Батирдин кожоюну менен да ынакмын. Токтогулдан келген Бакыт ага менен аялы Махабатка таандык эле. Жашы мени менен теңдеш болгонго курбу сымал эле болуп калганбыз. Бакыт аганын паспортту Россияныкы болгонго ,балдарын да алып келип алышкан. Кечки жумушта иштегенимден кожоюндун бөлмөсүндө бирге жашоочубуз. Экинчи бөлмөдө жашагандардын көпчүлүгүн тааныбасам да ,сырттан билчүүмүн. Адатагыдай жумуштан барган кезде жалгыз ашкананын терезесине кадалган жаш келинге жүрөгүм ооруп аяп кетти. Эрте менен кээ бири жумушка шашып жөнөп жатса, калгандары уктап жатышкан, таттуу уйкунун кучагында бир аз болсо да ,эс алып алайын дешкендей. Жалгыз гана уйкусу жок ушул келин көрүнөт. Мен да дабышымды чыгарбай барып жатчуумун . Элдер жумушка кеткенче жууганга да мүмкүн эмес эле. Анткени алар кечигип калышып ызы-чуу болуп кетчү. Бөтөн элде ,бөтөн жерде жүргөнгө баарыбыз бир туугандай эле болуп калат экенбиз. Иши жок калганга жардам берип.

Кечинде да ошол көрүнүш терзеге телмерет . Эч жан менен сүйлөшпөйт. Жумушка да чыга элек экен. Байкалбастан ортолукта коп күндор өтүп кетти . Элдин агымында жумушка да чыкты. Бир магазиндин полун жууп келет . Эрте -кеч гана. Жайдын аптаптуу убагы, күндүн ысыгына чыдап туруу кыйын. Баары асфальттан болгонго жердеги ысык ,жели жок абага чыдап туруу кыйын. Жашыл көйнөк кийген жер бетти да суусап тургандай ,жел издейт.Мына ушул күндөрдө эс алуу күнүмдү болжоп келин менен сырдашкым келди . Бирок сырын айтабы же жокпу деген эки анжы ой да мээмди бир аралап өттү. Махабаттан качан келди ,кимдин туугандары деп сураштырып баштадым. Жөн гана эч кимиси жок Москвада. Батир издеп жолугуп калган экен Таалай ага алып келди деп гана жооп берди.

Мына ушул күндөн тартып кызуугум арты. Сүйлөшкүм,сырдашкым келе берди. Адатча уйкулуу көзүм менен ашканага кирсем терзеде телмере турган экен.

Саламатсынбы сиңдим? -деп кайрылсам .

Турган ордунан кайрылбастан

Саламатчылык эжекей -деди да телмире бир жерди кадала карагандай туура берди. Өзүмдү кармана албаган жаным дагы да суроо узаттым.

Неге мынча терезеге термеле тигилесин .Келчи олтуруп сүйлөшөлү.

Эжекей мени кечирес деди да кайрылып өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Турган жеримде дендароо абалда калып кеттим .Эмне туура эмес сүйлөп алдымбы деп өзүмдү -өзүм жемелеп.

Байкалбаган убакытты кара, жай аптабы да жылуулугун жоготуп күздүн нымдуу абасы башбакты. Аз да болсо үйрөнүп калгандай көрүнөт. Баштагыдай терезеге телмергени азайып бараткансыды. Баары бир көзүндө кандайдыр сырды катып, карегиде табышмактуу баян жаткандай сезиле берди. Сулууча келген,арык гана келген келин .. Чачынын узундугун айтпайын. Дал эле айылдан келген таза дилдүү,кең пейилдей көрүнөт. Мүнөзүнүн оордугу коргошундай салмактуу.Мына канча күн иштесе да элдерчелеп чач кыркып,боёк боёп же түрлөп кийинбеди. Жөнөкөйлүүгү ааламды өзүнө багындырып тургандай туюлат. Алгач келгенде эки беттинин кызылы көрүнүп ажайып сулуу көрсөтүп турчу. Акырындап аппапакай гана болуп баратты. Акырындап аз -аздан сүйлөшүп олтуруп жакындашып бараттык. Бирок ашыкча сөз сүйлөбөгөнү жүрөктү сыгат. Күздүн да кызматты күчүнө кирип бак-дарактар жалбырагын желге узатып оор үшкүрө жылаңачталып жаткан учур. Эгерде кар жааса мен даярмын деп күткөнсүйт табийгат . Айланып чыгып, бак арасындагы орундуктардын бирине олтура кеттик.

Бактан түшкөн жалбыракты топтой кармап. Мына булардын да аты бар . Жалпысынан жалбырак деп айтылат. А сен менен көп убактан бери чогуу жашап атыңды билбейт экенмин . Айтсаң боло каралдым.

Күлүмсүрөй Мээрим- деп жооп берди да адатынча ойлуу санаанын кемесинде баратты. Сырыңа сырдаш болуп ,бирге чечсек кандай болот.

Неге элден жашырасын. Аттыңа заттың жарашкан мээримдүү келинсин . Келчи сен менен менин абалым балким бирдейдир.

Мен да балдарымды багам деп келип калгамын . Бир топ жыл болду. Жалгыздыктын кемесинде жүрүп чарчадым .Оюмду бөлүшөр адам издегенмин. А балким сен да мен сыяктуусундур. Ошол убактагы оор күрсүнүшүм жүрөгүнө тийдиби.

Ойлуу гана бир сүйкүмдүү, бир муңдуу ойго тумчукту да сөз баштады.

Эх эжекем жашоо деген ар кандай сынында сындап ,кайгысына кубанычын, ыйына күлкүсүн кошуп турат турбайбы?. Кечээ эле тентек мүнөз жалгыз үйдүн эркеси элем. А бүгүн баары башкача. Бул күндөрдө бактылуу күндөрдү түгөнбөйт дечү элем. Бирок андай эмес тура. Ата -апам Казакстанда иштешчү. Мага бат-баттан келип турушчу. Ошто туугандарыбыздын кыздары менен биздин үйдө турчубуз. Онунчу класста араң гана окуучумун. Балалыка мас болуп шапар тепкен курагым. Ата -апам биротоло келебиз деп өздөрүнүн машинасы менен келе жатышкан эле. Капилетен чыккан Камаздын астына кирип кетип экөө тең бир күндө мени таштап кете берди деген мезгилде көздөн аккан жашы тыпылдап тамып жатыптыр. Мына ошол күндөн баштап жашоонун оор жүгүн мойнума алдым. Асманымды кара булут каптап жашоом токтоп калгандай туюлган. Эх аттин ошондой болсо кана.Оз уйумо озум ээ боло албай калып кетим. Атамдын иниси Талант абам кыз бала турмушка кетет деп ,үйдү өзүнө жаздырып алды да көчүп келишти. Жеңем Жанылдын уу тилине белчемден малынып көргөн күнүм кордукка айланды . Ыйлап жүрүп мектепти да аяктадым. Башка балдардай чоң окууга окутмак тургай мени эрге бергенге шашышты. Ойлонгондой айыл жерегисине алысыраак жеңемдин туугандарынын балдарына берип жиберди. Көз жаш менен өткөн күнүм токтор бекен деген үмүтүм кур кыял болуп чыкты. Алгач жакшы эле жашап жатканбыз кызым боюмда болгон күндөн башталды . Ичпеген эрим ичип келет,жок жерден чыр чыгарып сабап да жүрдү. Кой деп мага болушар кайненем ,туура кыласын катынды башынан,баланы жашынан тарбияла дейт деп тескери басып кетет. Кездерде өзү да ичип келип өлбөгөн жетим аны кылбадың ,муну кылбадың деп жемелеп жүрдү. Азап тартып жүрүп кызым төрөлдү. Кордукту көп көргөндөнбү же сабай бергенденби кызым оорукчан болуп калды. Даарыгерлерге көрсөтөлү десем кайрадан мени ур токмокко алат.Билинбей өткөн үч жыл өмүрүмдө өзүм да ден-соолугумду жоготуп баштадым деп эчкирип ыйлап жатты . Эмне деп гана сооротушту билбей өзүм да кошулуп ыйлай бердим. Акырында жакын жашаган кошунабыз Айсалкын эже мени жол акымды берип Бишкекке салып жиберди,дын кызым менен кошо. Келген соң кызым баса албаганынан, иштейин десем караганга адам жок. Азаптын үстүндө калдым. Ошол кездерде Арууке деген эже менен таанышып калдым. Ал мага баланы кароосуз калган балдар үйүнө тапшыруумду сунуштады. Анткени өзү иштейт экен. Ары карап ыйлап ,бери карап күлгөн болуп тапшырып бердим да. Борбордо кафелердин биринде идиш жууп иштеп баштадым .Акча тапсам кызымды даарыгерлерге көргөзөмүн деген максатта. Мени күтпөстөн Арууке эже даарыгерлерге көрсөтүп жүлүнүнө доо кеткенин айтышыптыр. Дарылоо кеч болгонун да эскертишиптир. Мына жашоо көз жаш менен гана өтүп жатты.Жашоодо жалгыз калганымды ошондо дагы бир ирет түшүнүп билдим. Бул жакка келишиме себепчи болгон барда иштеген Азамат аттуу бала болду. Ал иштеп жүрүп кеткен экен.Досторуна дайындап салып жиберди. Жат элде ыйласаң жаш да чыкпай калат тура . Мына эжекей телмерип терезеге тигилгенимдин себеби. Жаштыгымдан ушунчалык азапка баткыдай кайсы куном экен деп копко ойлоймун. Жооп таба албай келем. Аздык кылдыбы бул кордук кызым да оорунун айынан жок болуп калды деп кабар берди Арууке эже. Же мени аядыбы умуттун биротло узсун деп .Ишенбестен Азаматты барып карап билип келишин отундум. Ал да чындык экенин айтты. Мындан ары мен киммин ,эмне үчүн жашаймын деп суроо берем, жооп ала албаймын. Жакын аралыкта Азамат да келем деген . Азыр мен ишенген адамым, бүт сырымды билип жардамын берип келет . Калган өмүрдү да жашап өткөндө гана айта алам . Көздөн аккан мөлтүр жашын агызып эчкирип ыйлап жатты. Эх жашоо ,турмуш айдын он беши жарык десе ,он беши караңгы деп айтылчу. Калган сынооңду Мээрим үчүн жарык гана кыла көр деп тилек кылып жаттым күбүрөнүп. Мына окурмандар болгону бир адамдын баштан өткөн баяны.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE