Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Бир адам 600 миң сомго чейин тапкан Баткендеги «чайыр бизнесине» тыюу салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун тоолорунан чайыр (ферула) терип, мыйзам бузгандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Аширали Пирматов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин атайын эрежелерди сактоо менен аталган кызматтан тиешелүү кагазадардын негизинде чайыр өсүмдүгүн казып алууга мүмкүнчүлүк болгон. Мындан ары аталган өсүмдүктү казып алууга салынды. Ал эми уругун атайын уруксат кагаздын негизинде терүүгө болот. Эгерде лицензия жок мыйзам бузуу катталса, тамырын казып алуу катталса, келтирилген чыгымга жараша айып пул салынат.

«Баткен облусунун тоолорунда кездешкен чайыр өзгөчө коруктагы өсүмдүккө кирет. Чайыр дарылык касиетке ээ болуп, аны терип ширесин сатышат. Ал үчүн буга чейин бир канча фирмалар тиешелүү кызматтардан лицензия алып, белгилүү бир аймактан казып алып келишкен. Мында чайырды түп тамыры менен жок кылуу эмес, келишимде көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо менен казып, ширесин алышкан. Бирок быйыл чайыр өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга жана уругун терүүгө тыюу салынды. Ал үчүн токтом кабыл алынды. Чайыр казып, уругун терип киреше табууну же пайдаланууну көздөгөн жарандарга айып пул салынат. Ал базар наркында эсептелип, келтирилген чыгымды төлөп берет», — дейт Аширали Пирматов.

Кыргызстандын тоолорунда сасык чайыр, ак чайыр өсүмдүгүнүн 32 түрү кездешет. Өткөн жылы 5 фирма атайын лицензиянын негизинде Баткен облусунун тоолорунда иштешип, чет өлкөлөргө экспорттошкон.

  • Былтыр Turmush басылмасы Баткенде жергиликтүүлөр ак чайыр дары чөбүнүн ширесин жыйнап сатып, сезондо 500-600 миң сомго чейин киреше табышарын жазган.

Дара айыл өкмөтүнүн тургуну Абдираим Узакбаевдин айтымында, жергиликтүү тургундар апрель айынан сентябрга чейин чайырдын тамырындагы сымаласын жыйнашат.

«Ак чайыр кайрак жерде тоо боорлорунда өсөт. Биздин Баткен районунун тоолорунда да кездешет. Жергиликтүү тургундар апрель айынан сентябрга чейин чайырдын тамырындагы сымаласын жыйнап, фирмаларда иштеп киреше табышууда. Килограммы 1000 сомдон жогору. Тамырын чукуп алып, кесип койсо, сымаласы 1 күндө чыгып калат. Аны кырып алып топтошот.

Пример HTML-страницы

Азыр эми жергиликтүү жашоочулар үйлөрүнө өстүрүүнү колго алышууда. Жеке эгин талааларына эгип, көбөйтүп пайда көрүшсө да болот экен. Учурда тоодон жыйнап жатып бир сезондо бир жумушчу 500-600 миң сомдой пайда көрүшөт», — деген ал.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлү бөлүмүнүн башчысы Аширали Пирматовдун айтымында, район аймагында 10 чакты фирма лицензия менен ак чайыр жыйнап иш алып барып жатышат. Алар чайырды Индияга чейин экспорттошот.

«Ак чайыр, кара чайыр деп коюшат. Бизде ак чайыр өсөт. Кадамжайда Баткен районунда Лейлекте тоо боорлорунда бар. «Ферула ванючий» деп айтылат. Дарылык касиети болгондуктан 5-6 жыл мурда кошуна өлкөлөрдөн келип, ширесин кантип алуу жолдорун көрсөтүшкөн. Азыр жергиликтүү тургундар жакшы өздөштүрүп алышты.

Өткөн жылдары Баткен шаарынын асты жагындагы Кызыл-Бел айылынын тоолоруна да эгип көргөнбүз. Жергиликтүү тургундар эгин талааларына да өстүрүү жагын карап жатышат. Колго алып алышса кирешелүү жумуш. Өткөн жылдары 1 килограммын 40 долларга чейин сатышкан. Азыр 10 чакты фирма лицензия алып иштеп жатат. Алардын ар биринде 80-90 жумушчу бар. Жергиликтүү тургундарга иш орун болду. Мында фирмалар экологиялык талаптарды сакташы керек. Ал чөптүн тамырындагы чакыч сыяктуу сымаласын алышат. Анын тамырын кесип коюшса, эртеси сымаласы даяр болуп чыгып калат. Ошону алышат. Тамырды кайра көмүп коюш керек.

Мындан сырткары бир тоо боорунан 100 тамырдын 40ын коюш керек. Ушундай талаптар сакталышы керек. Биз эми аларга рейд уюштуруп, ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Анан 1-2 жыл тыным жасоо керек. Анткени жок болуп кетпеши керек. Уруктар көбөйүшү зарыл. Бул боюнча министрлик карап берсе, жумуштар болот. Азыр бизден Индияга чейин экспорттолууда. Өзбекстан аркылуу Бишкектен нары чет жактарга чыгып жатат», — деген Пирматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE