Пример HTML-страницы

Биологиядан олимпиадаларга катышып келген Нуркан келечегин медицина тармагынан тандап жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСокулук районунан 2 бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатына ээ болду. Алардын бири— Осорбекова Нуркан Замирбековна. Манас айылындагы Ат-Башы мектеп-лицейин бүтүрүп жатат.

Нуркан үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу. Атасы – Замирбек 46 жашта, жеке ишкер. Апасы Динара 41 жашта, кесиби боюнча мугалим.

Бүтүрүүчү 2007-жылы 8-январда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда туулган. Биология, химия, англис тили, математика сабактарын жактырат.

«Тогузунчу класстан баштап биология сабагы боюнча олимпиадага катышып келем. Сокулук району боюнча биринчи орунду алгам. «Алтын тамгага» 9-класстан баштап даярдандым. Келечекте кыргыз элиме керегим тийген дарыгер болгум келет. Ата-энем башка кесиптин ээлери. Андыктан бул кесипти өзүм тандадым. Бош убактымда сүрөт тартканды, баскетбол ойногонду жана китеп окуганды жакшы көрөм. Учурдан пайдаланып, Ат-Башы мектеп-лицейинин мугалимдерине ыраазычылык билдиргим келет», — деди ал.

———

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарынан – 68 окуучу,

Чүй облусунан – 20 окуучу,

Ош облусунан – 17 окуучу,

Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,

Баткен облусунан – 9 окуучу,

Талас облусунан – 8 окуучу,

Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,

Нарын облусунан – 6 окуучу,

Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE