Пример HTML-страницы

Билим берүүнүн отличниги Ы.Алдекова 37 жылдан бери балдарга музыкадан сабак берип келет

Акыркы жанылыктар

TurmushБилим берүүнүн отличниги Ырысбүбү Алдекованын Ат-Башы районундагы мектеп, бала бакчаларда музыка сабагынан билим берип келе жатканына быйыл 37 жылдын жүзү болду. Ары татаал, ары кызыктуу, ардактуу кесиптин ээси балдар менен иштешүүдөн ырахат алат. Көп жылдык эмгек стажысы бар мугалим өзү жана кесиби жөнүндө маек куруп берди.

Алдекова Ырысбүбү Мамбетиминовна 1968-жылы 23-январда Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында №2 Ленин атындагы орто мектебинде билим алган. Андан соң Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын аяктаган. Учурда Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинде жана Анапия Курманалиев атындагы бала бакчасында музыка сабагынан билим берип келет.

«Музыкалык окуу жайды аяктап келгенден бери мектепте үзгүлтүксүз иштеп келем. Ат-Башы айылындагы мектеп-интернатта 26 жыл иштедим. Андан соң бала бакчада жана мектепте иштеп келе жатам. Саат аз, музыканттар аз болгондуктан эки жерде эмгектенип келем. Билим берүү тармагында 37 жылдан бери тынымсыз иштеп келе жатам. Кудайга шүгүр, ишимде жакшы ийгиликтер болуп келе жатат.

Бир кезде, 1993-жылы айлыгыбыз 20-30 сом болуп калган. Азыр жакшы. Үй-бүлөм жөнүндө айта кетсем, 3 кызым бар. Улуу кызым Айдай Антальяда докторантурасын жактап жатат. Кийинки кызым Айжан Кыргыз-түрк «Манас» университетин бүтүп, туристтик компанияда иштеп жатат. Кичүү кызым Ханзат Юридикалык университетте билим алат. Жолдошум Бакиров Мурат айдоочу болуп эмгектенет», — деди ал.

Ырысбүбү Алдекова өзү да бала кезинен музыкага жакын болуп чоңойгон.

«Кесибим боюнча айтсам, бала кезимден баштап музыкага жакын болуп, музыкалык мектепке баргам. Бул кесип менин кыялым болчу. Балдарга арнап жазган бири-серин ырларым бар. Музыкалык окуу жайды бүтүп келип эле мугалим болуп иштеп калдым. Интернатта иштеп жүргөндө 2 класс алдым. Быйыл аларга 20 жыл болот. 1986-жылкы балдар болчу. Негизинен балдар менен иштешүү жеңил. Мүнөзү оор балдарды алдайм. Мектепте деле ошондой, психолог катары башынан сылап, алдасаң угат. Жаман айтсаң, дароо жаман ойлойт.

Программада көбүнчө кыргыз композиторлордун чыгармаларын үйрөтөм. Облустук, республикалык кароо-сынактарга даярдап жүрдүк. Буга чейин Жаналы уулу Абдрахман атындагы орто мектебинде окуп кеткен Чолпонбек Таштанбек уулун даярдагам. Ал бала дайыма ийгилик жаратып келчү. Ага музыкага жакшы багыт бердим деп айта алам.

Эсимде калган бир окуучум бар, Камчы деген бала эле. Азыр Кореяда окуп, иштеп жатыптыр. Камчы деген бала бар эле. Бир нерсе айтсаң, сөзсүз аткарчу. Мектеп президенти болду. Бардык окуучуларым менен сыймыктанам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE