Пример HTML-страницы

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ОшМПУда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-майда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жамааты менен жолугушту.

Министрди окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев тосуп алып, алгач университеттин жаңы окуу корпусунун материалдык-техникалык базасы жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен жакындан тааныштырды. Муну менен катар заманбап техникалык каражаттар жана инновациялык программалардын жардамы менен өтүлгөн жаш окутуучулардын сабактарына, студенттердин чыгармачылык, ишкердик жаатындагы эмгектерине күбө болушту.

Андан соң министр университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, мында «Алтын казык» билим берүүнү трансформациялоо программасы менен тааныштырып, билим берүүнүн бардык баскычын камтыган программанын багыттары жөнүндө толук маалымат берди. Ошондой эле, 12 жылдык билим берүү долбоорун ишке ашыруу менен өлкөнүн билим берүү тармагындагы бир канча көйгөйлүү маселелер жолго коюларын билдирди.

Ага катар долбоордун алкагында педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайларга атайын жүктөмдөр жүктөлөрүн белгилеп, бардык билим берүү мекемелери жакындан көмөк көрсөтүүсү зарыл экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында окутуучулардын айрым сунуш-пикирлерин кабыл алуу менен окуу жайдын педагогикалык багыттагы алгылыктуу ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE