Билим берүү бөлүмү комментарий берди

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу райондук билим берүү бөлүмү бала бакчалардын биринде болгон окуя боюнча комментарий берди.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, окуя Манас айыл аймагынын Жим айылындагы М.Айткулов көчөсүнүн №62 үйүндө жайгашкан «Орозбү эне» билим берүү комплекси мекемесинде болгон. Мекеме юстиция башкармалыгынан 2023-жылдын 15-августунда жеке менчик билим берүү мекемеси катары каттоодон өткөрүлгөн.

«Орозбү эне» билим берүү комплекси Ош шаардык билим берүү башкармалыгына өткөрүлгөн.

Буга чейин Turmush Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл аймагында (мурдагы Нариман айыл аймагы) жайгашкан бала бакчанын тарбиячысынын үстүнөн милицияга арыз түшкөнүн жазган.

Окуянын видеосу социалдык тармакка тараган. Видеодон тарбиячы 2 жаштагы баланы уктоочу бөлмөгө алып кирип, жалгыз калтырып, эшикти жаап кеткенин көрүүгө болот. Бала «апа» деп ыйлап, эшикти каккылаган.

Пример HTML-страницы

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 13-июнунда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагынын К.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылы туулган К.А. аттуу баласын бала бакчада тарбиячысы уктоочу бөлмөгө жалгыз калтырып койгондугун билдирген. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2022-жылы туулган К.А.га карата соттук-медициналык жана соттук психоло-психатриялык экспертиза дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️