Бибисара Купранова Москва районундагы мыкты мугалим деп табылды

TurmushМосква районундагы Ак-Суу-1 орто мектебинин 29 жаштагы мугалими Бибисара Купранова кечээ, 20-апрелде өткөн «Жыл мугалими 2022» сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча биолог мугалим.

«Мугалимдик ишимди алгачкы жолу сыноодон өтүп, кубанычка батып турам. Педагогикалык эмгек стажым 7 жыл болгону менен көп жетишкендиктерди жаратыптырмын. Ошолордун жыйынтыгын көрсөтүп, райондо «Жыл мугалими 2022» сынагынын жеңүүчүсү болдум. Албетте бул сыймык. Сыймыктын да жоопкерчилигин сезип, республикалык сынактын облустук этабында да педагогикалык-методикалык чыгармачылык ишмердүүлүгүмдү көрсөтүүгө аттандым», — деди ал.

Бибисара Купранова 1992-жылы 27-декабрда Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында жарык дүйнөгө келген. 2010-жылы Москва районундагы учурда өзү эмгектенип жаткан Ак-Суу-1 орто мектебин аяктап, Ж.Баласагын атындагы КУУдан жана И.Арабаев атындагы КМУдан жогорку билим алган. 2 дипломдун ээси. 2 баланын апасы.

«Мен күткөн сынак күнү улам жакындаган сайын негедир коркуу сезими пайда болду. Анткени алгачкы жолу катышып жатканданбы, жоопкерчилик жогору болгондуктанбы, айтор бир башкача сезим жан дүйнөмдү бийлеп алды. 31 жыл мугалим болуп эмгектенген Анара апам «Кызым, ар убакта өз ишиңе тыкан жана сабырдуу бол. Ийгиликке жетсең өзүңдү бийик сезбе, кемчилик кетсе башыңды жерге салба. Анткени жашоо улам дилди тазартуудан, алга умтулуудан турат» деген эле. Ушул сөз мени чыйралтты. Ошентип, 19-апрелде Черняховский атындагы орто мектепте башка окуучуларга сабак өттүм. Сабакта өзүмдү эркин сезип, болгон аракетимди жумшаган окшойм. Соңунда баары кол чабышканда сүйүнүчтөн көзүмдөн жаш чыкты. Ал күн кандай өткөнүн деле билбей калдым окшойт. Үйгө барсам ушунчалык чарчоо басканымды билдим. Бирок эртең сынактын жыйынтык туру болорун эстеп, кайрадан даярдана баштадым. Түн кирип, негедир таңдын атышын да чыдамсыздык менен күттүм.

20-апрель Апрель революциясындай жан дүйнөмдө төңкөрүш болгондой эртелеп Арбуду мектебине бардым. Ал жайда 5 талапкер презентация, мастер-класс жана башка сынактар боюнча ат салыштык. Жыйынтыгында «2022-жылдын мыкты мугалим» аталып, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйландым. Андагы кубанычты сөз менен айта албайм. Баары эле «Бүбүсара, Бибисара, Бюбюсара» деп кол чаап жатышты. Ата-энем таенемдин атынан Бибисара деп коюшкан. Татарча Бибисара, кыргызча Бүбүсара, орусча Бюбюсайра дей беришет. Мен апамдын жолун жолдоп мугалим болгонума сыймыктанам», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️