Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Бетине ок атып, дөңгөлөккө байлап өрттөшкөн. Подполковник Амангелди Мурзакановдун өлүмү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектүү катары 2 жаран кармалганын билдирди. Алар милициянын подполковниги — ардагер Амангелди Мурзакановдун өлүмү боюнча кармалды.

Turmush басылмасынын кабарчысы маркумдун замандаштарынан окуянын чоо-жайын тактады.

Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаковдун айтымында, милициянын ардагери Амангелди Мурзаканов июнь коогалаңында өлкөнүн турукташуусуна, коомдук коопсуздукка салым кошуу үчүн четте турбай, тартип сакчыларга кошо көмөктөшүп жүрүп каза тапкан.

«Ошол учурда Убактылуу өкмөттүн элдик кошуун түзүү боюнча декрети [токтом] чыккан. 12-июнда ардагерлерди чогулта баштадык. Ага чейин эле коогалаңдагы кырдаалдан улам кабатырланып, бир топ ардагерлер жетип келишкен эле. Амангелди да эки күн бизге келген. Биз ыктыярдуу элдик кошуун түзүп, катарга тизилгенде 51 ардагер болуп, алардын аты-жөнү тизмеленди. Ал күнү Амангелди келбегендиктен тизмеге түшпөй калган. Эки күн келгенден кийин эле келбей калды. Балдар телефонуна байланышса, өчүк болуптур. Үйүнө барсакпы деп жатканыбызда иниси менен баласы анын дайынсыз болуп жатканын айтып, бизге келишти. Кай жерде өлүк чыкса, иниси ошол жерге барып жатты. Толук бир ай дегенде Амангелдинин жансыз денеси Сузакта жүгөрү талаадан табылды. Көрсө, ал тополоң учурунда Сузактын борборуна кире коём деп, Сузактагы айлампада бетине ок атылыптыр. Бронежилет кийип алган экен, ошол үчүн бетине атышкан окшойт. Андан ары талаага сүйрөп кирип, дөңгөлөккө байлап өрттөшкөн. Маркумду туугандары буту, тиши, бут кийиминен тааныган.

Амангелди өз жумушун сүйгөн, мыкты, адамгерчиликтүү адам эле. Ал катардагы милициядан майорго чейинки чинге жеткен. Кийин транспорт инспекциясында иштеп, подполковник наамын алган экен», — деди Исаков.

Амангелди Мурзаканов 1959-жылы туулган. Ал милицияга 1993-жылы жумушка орношуп, 2001-жылы пенсияга чыккан. Тогуз-Торо, Токтогул, Сузак райондорунда эмгектенген.

2010-жылы июнь окуясына байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 49 адамга кылмыш иштери боюнча издөө жарыяланган. Алардын ичинен 31 адам өлкө ичинен жана чет мамлекеттерден кармалган. 2 адам каза болуп,1 адам Өзбекстанда жасаган кылмыш ишине байланыштуу аталган өлкөдө камалган. Азыркы учурда 15 адам издөөдө жүрөт.

27-майда Сузак районунда УКМК тарабынан 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. кармалды. Алар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле, Сузак айылында милициянын подполковнигин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. 2010-2011-жылдардагы тергөөдө кармалгандардын өздүгү аныкталбай калган болчу.

Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын абагына киргизилди.

«Учурда УКМК тарабынан көп адамдын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскирбейт», — дейт Атайын кызмат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE