Бетинде бырышы жок карыя таң эрте турары менен ушул суусундукту ичкен

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусундун Аламүдүн районунун Чуңкурчак капчыгайында «Kymyz Fest — 2024» кымыз фестивалы уюштурулду. Анын алкагында өткөрүлгөн «Мыкты кымыз» кароо-сынагында 1-орунду Казиева Бегай Жоомартбековна камсыздады. Аймактык кабарчы аны менен маек курду.

3-классымдан бери бээ саап келем

1977-жылы Кочкор районунун Шамшы айылында төрөлгөм. Кичинекей кезибизден эле мал-жандыкка жакын болуп чоңойдук. Менин атам жайлоодо мал бакчу. Айрым учурда 25 башка чейин чейин бээ кармап, 3-5 желе кылчубуз. Бир желеде 5-7 кулун болот. Мен 3-класстан тарта бээ саап баштадым. Биздин Кочкордогу бээлердин бойлору жапыз болот. Жоош бээлерди мага саадырып үйрөтүп коюшкан. Ал убакта кымыз сатуу деген жок болчу. Шаардагы туугандарыбыз, атамдын бир туугандары жайлоого келип, бээнин сүтүн ичип, дарыланып кетишчү. Ошентип, 11-класска чейин жайкысын бээ саап, ата-энеме мал караганга жардам берип өстүм.

Бетинде бырышы жок карыя

Мектеп курагым. Кочкордун жайлоосунда биз менен чогуу башка айылдан Сатаркан деген ата жайлоого чыкчу. Анын мен курактуу кызы бар эле. Экөөбүз чогуу ойноп, сүйлөшүп сырдашабыз. Ошол убакта Сатаркан ата 85 жашта болчу. Бирок бетинде бир да бырыш жок, кыпкызыл болуп, чытырап турчу. Малды чуркап айдап, тоого шамдагай чыгып, атка секирип минчү. Карыянын жаш жигиттей кыймыл аракетине, бырыш баспаган бетине таң калчумун.

Пример HTML-страницы

Кызынан сурасам, атасы 15 жашында эле үйлөнүптүр. Ошондон бери жайлоого чыгып, бээ саап, кымыз ичет экен. Күндө эртең менен ачкарын кымыздын тунуп калганын 200 граммдан ичет. Кымыздын дагы бир түрү бар, тунма деп коёт. Бул эртең менен кымызды чалбай туруп, үстүндөгү тунуп калган суусун куюп алат. Ошол тунуп калган суусу укмуш күчтүү болот. Спирттүүлүгү 45-50 градус болсо керек. Көрсө, Сатаркан ата 15 жашынан бери ушул тунманы таң эрте туруп, 200 грамм ичип келет экен. Ошону менен түшкө чейин жүрүп, түшкө маал күчтүү тамак жейт. Ден соолугу ушундай чың киши болчу. Бул кымыздын тунмасы карылыктын алдын алат окшойт деп калгам.

Болгону 40 литр кымыз алып баргам…

20 жыл мурун Кегети айылындагы 20 гектар жерге алма, жангак, теректерди айдаганбыз. Бул жыл аралыгында эгилген көчөттөр тамыры жайылган чоң бакка айланды. Ошол жерге эле бээ кармап, сүтүн саап, кымыз кылабыз. Бирок сатуу үчүн эмес, мунун баары өзүбүз үчүн, балдардын ден соолугу үчүн. Мен жумушта болгон учурда бээни жолдошум, уулум же келиним саайт.

Сынак үчүн 3-4 күн сааган кымызды топтоп, алып келдим. Мен кымызды өзгөчөлөнтүп деле жасап келген жокмун. «Саба» деп коёт, уйдун терисинен жасалган идиш. Азыр андай жок да, жыгач челектерге жасап калбадыкпы. Аны бир жумада 2-3 жолу ичин майлап, жууп-тазалап, күнгө какшытып ыштайбыз. Анан кайра бир сыйра майлап, кайра ыштап коёбуз. Мен ичин каймак менен майлап, ыштап жасайм. Кочкордо жүргөндө төө тапан менен ыштачубуз. А бул жакта андай жок, карагайлардын дөмпөгү (шишка) менен ыштайбыз.

Ушинтип сынакка атайын даярданып бараткандан кийин деп, уул-келиним, кызым баарыбыз кымызды тынбай бышырдык. Көп бышырылган кымыз укмуш сонун болот эмеспи. Бирок, көргөзмөгө 600 литрден 2 тоннага чейин кымыз алып барышыптыр. Эң аз эле мен алып бардым, болгону 40 литр. Анын 20 литри кымыз, 15 литри саамал, 5 литри сүт болчу. Алардын алдына сүт, кымыз, саамал деп жазып койгом.

Кыргыздын каада-салтын көрсөтөйүн деп, уулум экөөбүз улуттук кийим кийип, үйдөгү чаначты ала баргам. Аны илиш үчүн бака жок болчу. Эски керегени ошол жерге орнотуп, чаначты илип койгом. Ага кымызды куюп келген конокторго көрсөтүп бермекмин. Бирок куйганга жеткирбей эле эл ары-бери өтүп тынбай ичип, кымызым түгөнөйүн деп калды. Сыртына «Кегети кымызы» деген жазууну желим бөтөлкөгө чаптап, уулум экөөбүз бээ саап түшкөн сүрөттөрүбүз менен атайын стенд даярдап баргам. А башкалар жазуусу жок желим бөтөлкөлөргө кымызын куюп, баннерге баланча район, баланча кымыз деп эле жазып келишиптир. Мен болсо жасап барган кымызым жөнүдө айтып берип, ыштаганды, жасаганды көрсөтүп берейин деп ойлогом. Карагайдын дөмпөгүн, каймак алып алгам. Бирок, ага жеткирбей эле кымызды талап кетишти. Анан калыстар тобу кыдырып келип калышты. «Башка катышуучулар кымызды сатканга эле келишиптир, булар чынында даярдык менен келгени көрүнүп турат» дегени кулагым чалып калды. Калысттар тобунан бир-экөө: «эже, калтырып койгула, анан сатып алабыз» деп айтып калышты. Аларга калтырганга да жетишпей калдым.

Биз фестивалга кымыз сатайын деп барган эмеспиз, сынакка катышайын деп баргам. Биздин айыл өкмөт, райондогу жетекчи, кызматкерлер, мени колдоп баргандын баарына кымызды бекер эле куюп берип жаттым. Көп болсо, 40 литрдин ичинен 7 литрин саттым. Сынак бүтүп, сыйлык алгандан кийин калыстар тобунун мүчөсү: «Сиздикин бир аппарат менен текшергенде эле дароо жогору көрсөттү. Ал эми гран-прини уткан баланыкы сиздикинен 2 миллиметр өйдө болду» деди. Дагы бирөөсү: «Канча литр алып келдиңиз эле, каякка сатасыз?» деп сурады. Мен 40 литр эле алып келгенимди, эч жерде сатпай, балдарым үчүн эле жасап келеримди айтсам, «воо, сатык үчүн эмес, балдары үчүн жасаган кымыз — таза кымыз болот» деди.

Кымыздын түрү

Негизи кымыздын 12 түрү бар. Бирок мен жасап көргөн кымыздар булар: Ууз кымыз — бул май айында, жаңы чөп көтөрүлгөн (чөптүн ал кезде күчү жок болот) кездеги саалган кымыз. Ууз кымызды дарылык үчүн, иммунитетти көтөрүш үчүн жайлоого барып ичип жүрүшөт. Саамал — бул кымызга жете элек, ачый элек кези. Эң таттуу баардык ооруга шыпаа, кан басымы барлар, каны аздар ичсе дагы жардам берет. Ашказанга да жагымдуу, бирок саамал ичти өткөрөт деп айтышат. Ичти өткөргөндө ал тазалайт, 7-10 күндөй ичи өтүп, ичегилери тазаланат. Бал кымыз деген бар. Бал кошуп коюшат, ачытпайт, таттуу болот. 5 күндүк, 10 күндүк, 7 күндүк кымыз дегендер да бар. 3-4 күн топтолуп, ачыган кымыз 5 күндүк деп аталат экен. Бул абдан күчтүү болуп калат. Кунан кымыз, сары кымыз деген да бар. Сары кымыз чөп толук бышып, чөп катыган маалда саалган кымызды айтышат. Бул аябай күчтүү болот. Кеч күздө саалган кара кымыз деген бар. Суук түшкөнгө чейин саашат. Бул уйдун сүтүндөй коюу болуп калат.

Биз бала кезде, студенттик кезде жайлоого чыкканда кымызды бышырганда, шахмат, карта ойночубуз. Ким утулуп калса, ал кымызды 5000-10000 жолу чалып бышырчу. Кымыз канчалык көп бышса, ошончо даамына келет. Таттуу жана ушунчалык даамы ооздон кеткис болот. Кочкордо жүргөндө төө тапан деген өсөт. Ошону кургатып анан челекти ыштачубуз. Арча менен ыштагандар бар. Анын жыты жакшы болот, бирок кымызды бат ачуу кылып жиберет. Кымыздын өтө ачуу болуп кеткенин «чаңырып калыптыр» деп коюшат. Кегетиде төө тапан жок, анын ордуна карагайдын дөмпөгү менен ыштайбыз.

Эмгек жолум

Өзүм Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факултетин аяктагам. Кийинчерээк Кыргыз билим берүү академиясында (КББА) кыргыз тил жана адабият бөлүмүн бүтүргөм. Чүй районунун Кегети айылына келин болуп келгем. Жолдошум суу чарбада мураб болуп иштейт. Кайната жана кайненем, 2 кыз, 2 уул жана 3 неберем бар. Жогоркуу окуу жайды бүткөн соң 22 жыл мектепте иштедим. 2018-жылы тарбия иштери боюнча директордун орун басары болдум. Коронавирус пандемиясында айыл өкмөттө жооптуу катчы болуп, акыркы 2 жылдан бери Чүй райондук мамлекеттик администрациясында социалдык өнүктүрүү секторунда башкы адис болуп иштейм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️