Бешинчи кызына ырымдалып ысым коюлган соң, тун уулун жарыкка алып келген Перизат айым менен маек

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылынын тургуну Жыргалбек кызы Перизат баатыр энелердин катарын толуктоо алдында турат. Учурда ал жолдошу менен биргеликте 5 кыз жана 1 уулду тарбиялап-өстүрүүдө. Каарманыбыз эгиздердин өзгөчөлүгү, кыргызда ысым ыйгаруудагы ырымдын жана уул баланын орду боюнча Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1991-жылы 24-мартта Тоң районунун Эшперов айылында жарыкка келгем. Буга чейин “JICA” уюмунда кол өнөрчүлүк боюнча иштеп келгем. 2022-жылдан бери Ак-Сай айылындагы №10 бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип, учурда декреттик өргүүдөмүн.

Биздин 5 кызыбыз бар, алардын ичинен 2 кызым эгиз. Негизи эгиздер мен жакта да, жолдошум жакта да бар. Тукум кууйт дегени ырас, менин таенем эки жолу эгиз төрөгөн. Бул кыздарымдын эгиз экенин 4 ай болгондо УЗИ аркылуу билдим. Сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн жаш айланып кетти, анан дароо жолдошума чалып сүйүнчүлөдүм. Боюмда бар кезде эгиз экенине ишене албай жүрдүм. Көз жарып, экөөнү колума алганда гана “чын эле эгиз экен” деп, сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдерге кабылдым. Улуусу 2,200 грамм, кичүүсү 2,400 грамм болуп төрөлүшкөн. Экөөнүн ортосу 10 мүнөт болгон.

Албетте, эгиздерди багуу оңой эмес. Экөөнү жуунтуп, эмизип, эртең менен ойгонгондо жалаяктары бир тазик толтура болуп кетчү. Кайната, кайненем жана жолдошум карашып, буюрса аман-эсен чоңойуп келе жатышат. Мүнөздөрү бири-биринен айырмаланып турат. Бирөөсү айтканыңды укса, экинчиси тентектигин көрсөтө баштайт, кийинки күнү тескерисинче. Негизи Арууке шайыр, Айбийке салыштырмалуу токтоо. Ал эми окуу жагынан Аруукенин кабыл алуусу жайыраак, Айбийке дароо түшүнүп, тез үйрөнүп кетет. Экөө бир тондо жаткандыктан бири-бирине абдан окшош. Жада калса мен аларды жарыкка алып келген апасы да айрым учурда айырмалай албай, “сен кимсиң?” деп башым айланып калат», — дейт ал.

Анын айтымында, Бурулсун аттуу кызынан кийин уулу жарыкка келген.

Пример HTML-страницы

«Балдарымдын ысымдары — Айдана, Айгерим, Арууке, Айбийке, Бурулсун жана Нурислам. Кечээ жакында көптөн күткөн уулдуу болдук. Бул сүйүнүчтүү кабарга айыл эли кубанды. Кыргызда уул баланын орду өзгөчө эмеспи. Бешинчи болуп төрөлгөн кызымдын атын Бурулсун деп койгонбуз.

Чоң атасы ырымдап койгон ысымдын артынан уул келди. Баары Жараткандан деңизчи, бирок кыргыздын тээ эзелтен келе жаткан ырым-жырымдары ушундай оң таасирин бербей кобойт экен.

Менин максатым — балдарыма татыктуу тарбия жана билим берип, коомго татыктуу инсан катары кошуу. Алардын биз жашап жаткан айыл ичи менен гана чектелип калбастан, чет өлкөлөргө чыгып, дүйнө таанымын өстүрүүсүн каалайт элем», — деп сөзүн жыйынтыктады Жыргалбек кызы Перизат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️