Пример HTML-страницы

Беш-Таш жайлоосунун көз уялткан сулуулугу (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусундагы «Беш-Таш» жаратылыш паркы ажайып кооздукка бөлөнүп турган учур. Жайлоонун сулуулугун сүрөтчү Медер Мырзаев атайын барып тартып келген.

Ал Беш-Таштын ташкындаган мөлтүр сууларын, булактарын, жаратылышын 995 метр бийиктиктен тартканын айтты.

Сүрөтчү Медер Мырзаев 14-майда «Беш-Таш» жаратылыш паркындагы Беш-Таш көлүнүн жээгинен үйүр маралдарды сүрөткө тартып алган.

«Биз атайын инфотур менен 14-май күнү «Беш-Таш» жаратылыш паркында болдук. Бул жердин төрүндө Беш-Таш көлү жайгашкан. Алгач унаа менен бара жатып, 2 маралды көрдүк. Жакшы кадр алуу үчүн алар качкан тарапка айдап бардык. Алар барып Беш-Таш көлүнүн жээгинде үйүрү менен жүргөн маралдардын тобуна кошулушту. Ал жерде 25-30дай марал бар экен. Анан маралдарды 1 сааттай кайтарып жатып, жакшы сүрөттөрдү тартып алууга мүмкүнчүлүк болду», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE