Беловодск айылында таштанды топтоочу жайда видеокөзөмөл камерасы коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында таштанды таштоочу жайга видеокөзөмөл камера орнотулду. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнөн билдиришти.

«Айыл аймакта 100гө жакын ички көчөлөр бар. Алардан таштанды ташуучу унаалар менен таштандылар айыл сыртындагы атайын белгиленген жерге алынып чыгарылат. Айрым тургундар таштандыларын өз унаалары менен ташып барышып, ар жерге ыргытып, кеткен учурлар да кездешүүдө. Мындан сырткары, жай айларында өрт чыгып, айылды түтүн каптап, бир топ көйгөйлөр жаралып келген. Буга чейин оозеки жана соцтармактар аркылуу жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам чегинде айып пул салына тургандыгы да айтылып келинген. Эми видеокөзөмөл камерасы коюлду. Мыйзамды бузуп, айлана-чөйрөнүн тазалыгына кош көңүл мамиле жасап, таза айыл, таза коом үчүн терс көрүнүштөрдү жараткан көрүнүштөр видеокөзөмөл камерага тартылса, ал тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет», — дешти айыл өкмөтүнөн.

Беловодск айылы райондун борбору болуп саналат. ААРден кийин Беловодск жана Биринчи май айыл аймактары бириктирилип, жаңы аталыштагы Нарзан айыл өкмөтү түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️