Бекетчи болуп иштеген Торпоковдун ысымы ээси бар делген коктунун аталышынан коюлган

Акыркы жанылыктар

TurmushТарых инсанынын бүгүнкү каарманы — эл комиссары Баялы Исакеев менен бекетчи болуп иштеген Аңылдак Торпоков тууралуу болмокчу.

XX кылымда Жоон-Арык болуштугундагы таздар уруусунан Шыгай деген манап жашаган. Көк-Жар тарапта, Карагаты жайлоосунда анын конуштары Шыгай кыштоо, Шыгайдын жайлоосу деп азыр да аталат. Шыгайдын Бектур, Турусбек деген балдары болот. Бектур бий болуп, эл бийлеген. Турусбек болсо бай адам болгон менен абдан жоош, эч нерсе менен иши жок адам болуптур. Бектур бий үйүнө коноктор келгенде, «кой сой» десе, Турусбек унчукпастан союп, эт бышырып, тамак жегенден кийин сөзгө аралашпай жатып алчу экен. Жыйынга чакырса, «мен мал кайтарып келейин!» деп кетип калып, тамак берсе ичип, бербесе унчукпай жүрө берет. Ошондуктан агасы Бектур: «Бул эчтеке менен иши жок торпок сыяктуу» деп, ошондон Турусбек деген аты айтылбай Торпок аталып кетет.

Бектур, Турусбек туугандары менен жайлоодон күздөөгө көчүп келе жатып, Ысык — Көлгө (азыркы Ысык-Көл районунун Темир айыл аймагына тийиштүү жер) келгенде Турусбектин аялы толготуп калат. Буга чейин балдары токтобой жүргөн экен. Ошол жердеги коктуга үй тигип, конуп калышат. Кыргызда бала башка айылда төрөлгөндө сатып алган салт бар. Балага «Сатыбалды деп ат коелу!» деп турганда, бир аксакал келип: «Ушул коктунун аты Аңылдак, баланын ысымы Аңылдак болсун. Мен ушул коктунун ээси болом» дейт. Аксакалдын айтканын этибар алышпай, мал союп түлөө кылалы деп жатышып, баягы аксакалды таппай калышат. Ошол жердеги элдер айтышат: «Бул коктуда аңылдап шамал болуп турат, ошондуктан коктунун атын Аңылдак деп коелу. Ошол коктунун ээси жолуккан экен. Ал баарына эле көрүнө бербейт. Жолукчу кишиге жолугат» дешип балага Аңылдак деп ат коюшат. Торпок Аңылдактан кийин бир кыз, бир уулду болот. Уулунун атын Иса, кызын Чүкү деп коюшат.

Аңылдак Торпок (Турусбек) уулу 1888-жылы Ысык-Көл районунун Темировка аймагында туулган. 12 жашында Көлдөн чыккан Такы деген молдодон диний билим алган. Кийин Караколдогу орус-тузем гимназиясында билим алган. Ал жерде кыргыздын алгачкы фельшери Сарт Булатов менен бирге окуган. 1916-жылы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнө катышып, эл менен кошо Кытайга качкан. 1917-жылы Кытайдан келгенден кийин Баялы Исакеев экөө Орто-Токойдогу уйгур байдын жылкысын кайтарып, жалданып иштеген. Ал уйгур Орто-Токой менчик почта станциясынын ээси болгон. Баялыдан жаңыдан уюшулуп жаткан совет өкмөтү тууралуу толук маалымат алып, анын кылган иштерине шерик болгон.

Аңылдак Торпок уулунун небереси Максүт Абдыгазиев: «Чоң атам Аңылдактын айтуусунда, Баялы Жоон-Арык капчыгайында жайгашкан Боз бекеттен келген катты, түнкүсүн Ак бекетке жашыруун жеткирип турган. Ал большевиктердин каттарын ташычу. «Мен кечке жуук эки ат камдап койчумун. Бай уктагандан кийин Баялы жеткирип кайтчу. Ал учурда анын жогун билгизбей, жылкыны кайтарып турчумун. Кийин байдын малы ортого алынып, Баялы Исакеев борборго кетти. Уйгур бай кулакка тартылган экен” деп айтып калчу» дейт. Аңылдак көлдөн Деркенбай кызы Калыйчага үйлөнөт. Экөө бир кыз, төрт кызды тарбиялап өстүргөн.

Пример HTML-страницы

1930-жылдары Кочкор районундагы «Жоон-Арык» колхозу уюшулуп, колхоздун башкармасы болуп Ногойаалы Ырыскулов шайланат. Ногойаалы менен Аңылдак экөө аяш, достордон болушкан. Ал учурда колунда барлардын малдарын ортого ала башташат. Асанаалы Балтабаев (чоң Асанаалы деп коюшчу) мектеп директору болуп туруп, Ногойаалыдан кийин бир азга колхоз башкармасы болгон. 1935 –жылы Ногойаалы Ырыскулов репрессияга кабылып, айдалып кеткенден кийин Жоон- Арык колхозуна Аңылдак Торпоков башкарма болуп шайланат. Колхоздо мал чарбасынын кирешеси аз болгондуктан “акиташ бышыруучу ишкана” ачып, колхозчуларды аз болсо да эмгек акы менен камсыз кылып турушкан. Колхозду 1945- жылга чейин жетектеп билимдүү жаштарды кызматка тарткан.

1937 –жылы Баялы Исакеев камалып, репрессиянын курмандыгы болгондон кийин Аңылдак абдан капа болгон. Ал өзү партиялык окуу жайда окуп, дагы билимин тереңдетсем деп жүргөн эле. Баялы камалгандан кийин Аңылдак совет өкмөтүнө таарынып карерасын уланткысы келген эмес. Ошентип окууга барсам деген оюнан баш тарткан. Ал ортодо согуш чыгып, колхозду башкарып кала берген.

1945-жылы Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин башкармалык кызматын Рахман Ногоялиевге өз каалоосу менен өткөрүп берген. Рахман Ногойалиев Аңылдактын аяш досу, колхоздун алгачкы башкармасы Ногойаалы Ырыскуловдун уулу болгон.

Ногойаалы Ырыскулов 1935-жылы сталиндик репрессияга кабылып кайтпай калган. Аңылдак Торпоков башкармалыкты өткөрүп бергенден кийин, ардактуу эс алууга чыкканча уй фермасынын башчысы болуп иштеген. 1981-жылы 94 жашында дүйнөдөн кайткан. Жалгыз уулу Абдыгазым Аңылдаков 1930-жылы туулган. Ал ата жолун улап, «Теңдик» колхозунда зоотехник, талаачылык боюнча биргелешкен бригаданын бригадири болуп иштеген. Айылдык кеңештин депутаты болгон. «Эмгек Кызыл Туу ордени», «Эмгек ветераны», В.И. Лениндин 100 жылдыгы медалдары менен сыйланган. 1994-жылы дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️